КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев: “Айымдар – аруулуктун, назиктиктин, боорукерликтин жана акылмандыктын белгиси”

Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын айымдары!

Сиздерди кирип келген 8-март Айымдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Нечен кылымдарды карыткан улуу кыргыз элибиз байыртадан эле айымдарга өзгөчө аяр мамиле жасап, сыйлап келген. Элибизде бекеринен “кыздын кырк чачы улуу” , — деп айтылбаса керек. Айымдар – аруулуктун, назиктиктин, боорукерликтин жана акылмандыктын белгиси.

Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө кыргыз айымдарынын салымы опол тоодой зор. Манас дастаныбыздагы Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк энелерибиздин акылмандыгы, Курманжан датка энебиздин эрдиги, кечээки Күлүйпа Кондучалова, Зууракан Кайназарова өңдүү кыргыздын мыкты кыздарынын мээнеткечтиги кийинки урпактарга баа жеткис сабак боло алат.

Биздин кесипкөй, жоопкерчиликтүү айымдарыбыз мамлекеттик жана муниципалдык кызматта да жигердүү эмгектенип, талыкпаган мээнети менен мамлекетибиздин социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык багытындагы өсүп-өнүгүүшүнө салым кошуп келишүүдө.

Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр жана кажыбас кайрат каалайм! Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин! Ал эми өлкөбүздө ар дайым тынчтык, бейпил турмуш жана ачык асман өкүм сүрсүн!

Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик кадр кызматынын
директору А.М. Маматалиев