КР Мамлекеттик кадр кызматынын жана Корея Республикасынын персоналды башкаруу Министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин онлайн форматындагы жолугушуусу болуп өттү

2021-жылдын 20-январында Корея Республикасынын персоналды башкаруу боюнча Министрлигинин демилгеси менен КР Мамлекеттик кадр кызматынын жана Корея Республикасынын персоналды башкаруу Министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин онлайн форматындагы жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу учурунда тараптар мамлекеттик жарандык кызматтагы адам ресурстарын башкаруу жаатындагы эки тараптуу кызматташтык жана тажрыйба алмашуудагы жетишкендиктерине токтолушту.

Жолугушуунун алкагында тараптар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен Корея Республикасынын персоналды башкаруу боюнча Министрликтин ортосундагы мамлекеттик кызматтагы адам ресурстарын башкаруу багытындагы кызматташтык жана биргелешкен аракеттер боюнча Меморандумдун иштелип чыккан долбоорунун жыйынтыктары жана кол коюнун датасын талкуулашты.

Меморандум эки тараптын мамлекеттик кызматтарынын эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун арттыруу жана колдоо максатында иштелип чыккан.

Мамлекеттик кызматчыларды онлайн форматында окутуунун алкагындагы кызматташтык боюнча маселелерге токтолгон тараптар Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлерине онлайн семинарын өткөрүү пландалды. Онлайн семинардын максаты дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди онлайн форматында окутуудагы тажрыйбалар, жөндөмдөр менен алмашуу болуп саналат.

Ошондой эле Мамлекеттик кадр кызматы тараптан мамлекеттик кызматка алуудагы кореялык тажрыйбаны эске алуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштөөнү эңсеген талапкерлерге вебинар (баарлашуу) уюштуруу учурдун талабы экендиги айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар мындан ары да эки өлкөнүн мамлекеттик жарандык кызматындагы адам ресурстарын башкаруу жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү зарыл экендигин баса белгилешти.

Андан нары, жолугушуунун жүрүшүндө ар бир катышуучу менен предметтик диалог өткөрүлдү. Диалог учурунда жолугушуунун ар бир катышуучусу тарабынан мамлекеттик кызматчылардын аралыктан окутуусун жакшыртуу боюнча сунуштар жана болуп жаткан көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору айтылды.

Мамлекеттик кызматчыларды онлайн форматында окутуунун алкагындагы кызматташтык боюнча маселелерге токтолгон тараптар Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлерине онлайн семинарын өткөрүү пландалды. Онлайн семинардын максаты дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди онлайн форматында окутуудагы тажрыйбалар, жөндөмдөр менен алмашуу болуп саналат.

Ошондой эле Мамлекеттик кадр кызматы тараптан мамлекеттик кызматка алуудагы кореялык тажрыйбаны эске алуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштөөнү эңсеген талапкерлерге вебинар (баарлашуу) уюштуруу учурдун талабы экендиги айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар мындан ары да эки өлкөнүн мамлекеттик жарандык кызматындагы адам ресурстарын башкаруу жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү зарыл экендигин баса белгилешти.

КР Мамлекеттик кадр кызматынын басма-сөз кызматы