Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы УП№24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципиалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” жарлыгына ылайык, төмөнкү административдик мамлекеттик бош кызмат ордун элөөгө ачык сынак жарыялайт.

           КР ӨКМине караштуу калдык сактоочу жайлар менен иштөө департаментти  Бишкек  шаары, Осмонкулов көчөсү, 128/1.

           Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим, курулуш, тоо иштери, геолгия, геодезия жана жерге жайгаштыруу.

 2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1 Төмөнкүлөрдү билүү:

      Негизги мыйзамдар:

—   Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3 – мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдар:

— Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”;

-“Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар жөнүндө”;

— “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө”;

-“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 6-майындагы № 212 “Аймактарды топторго, уюмдарды – Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнундө”;

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

       3.2 Билгичтиги:

— алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

 — кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

— өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

 чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

        3.3  Көндүмдөрү:

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

-тапшырмаларды аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу;

жумушту жана иш убактыны мерчемдөө.

4. Кызматтык милдеттери

      — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

     — жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуу;

    — кызматтык этика ченемдерин сактоо;

     — Департаменттин ички эмгек тартибинин, кызматтык нускамалардын эрежелерин, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;

     — кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү квалификациянын дэңгээлин сактоо;

      — ченемдик укуктук жана башка актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу;

      — өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо;

—  жетекчилер тарабынан берилген буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү, ошондой эле бөлүмгө берилген иш кагаздарды өз учурунда жана сапаттуу аткарат;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

— арыз бош кызмат орундун так аталышы менен, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөт 3х4  4 даана;

— паспорттун көчүрмөсү;

— эмгек китепчесинин, кесиптик билимин, илимий даражасын же илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

Сынакка катышуу үчүн документтерди төмөнкү адрес боюнча берүү керек: Ош шаары, Моминова көч.11, каб.204.

Документтерди сынак жарыяланган күндөн тартып 27-майына чейин кечиктирбестен кадр жана иш кагаздары боюнча башкы адисине тапшыруу зарыл.

Байланыш телефондор: (0551) 11 22 00.

 

Департамент по обращению с хвостохранилищами при МЧС КР