Кудайберген Базарбаевдин демилгеси менен пландан тышкаркы мониторинг жүргүзүү кезеги Жалал- Абадга келип жетти Агенттиктин кызматкерлери Джээнбаев Б.К., Кожомбердиев З.Т. Жолдошева Э.Ж., Осмонов Б.Т. тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында пландан тышкаркы мониторинг жүргүзүлдү. Аны менен бирге эле, Б.К. Джээнбаев тарабынан Жалал- абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн тиешелүү кызматкерлерине Мамлекеттик кызматтагы тыюу салуу, чектөө, талап түрүндөгү туюндурулган мыйзамдык белгиленген эрежелер боюнча маалыматтар берилип, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоого багытталган иш-аракеттеринин активдүүлүгүн жасоодон баш тартуу же аракетсиздикке жол бербөө түрүндөгү белгиленген көрсөтмөлөрдү так сактоонун милдеттери түшүндүрүүлөр берилди. Жазуулар боюнча багыттоо Кудайберген Базарбаевдин тапшырмасы менен Агенттиктин кызматкерлери аймактарды кыдырууда «Санарип Аймак» автоматташтырылган маалыматтык системаларын өнүктүрүү