Кудайберген Базарбаевдин көрсөтмөсүнүн негизинде кызматкерлер облустарда Агенттиктин кызматкерлери Джээнбаев Б.К., Кожомбердиев З.Т. Жолдошева Э.Ж. тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында пландан тышкаркы мониторинг жүргүзүлдү. Б.К. Джээнбаев тарабынан Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн тиешелүү кызматкерлерине, Мамлекеттик кызматтагы тыюу салуу, чектөө, талап түрүндөгү туюндурулган мыйзамдык белгиленген эрежелер боюнча маалыматтар берилип, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоого багытталган иш-аракеттеринин активдүүлүгүн жасоодон баш тартуу же аракетсиздикке жол бербөө түрүндөгү белгиленген көрсөтмөлөрдү так сактоонун милдеттери түшүндүрүүлөр берилди. Жазуулар боюнча багыттоо Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын, Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель фондунун өкүлдөрү менен биргеликте магистрдык программаларынын бүтүрүүчүлөрүнө арналган жолугушууга катышты. Кудайберген Базарбаевдин демилгеси менен Агенттиктин бөлүмдөрүнүн башчыларына “Маалыматтык коопсуздук” темасындагы семинар уюштурулду