Кудайберген Базарбаевдин тапшырмасы менен коррупциянын алдын-алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.К. Джээнбаев жаш кадрларды өстүрүү боюнча тапшырмасынын негизинде, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин студенттерине ачык эшик күнүн уюштуруп берди Бул иш-чарага Кыргыз Улуттук университетинин, компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун, маалыматтык технологиялар жана программалоо кафедрасынын 3-4 курсунун студенттери катышып, темасы “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка өтүүнүн тартиби” жана коррупциянын алдын алуу маселелери жөнүндө өткөрүлдү. Аны менен бирге студенттерди мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү кызыктырган суроолоруна Агенттиктин кызматкерлери тарабынан жооптор берилип, Кыргыз Республикасын Мыйзамдарына түшүнүктөр берилди. Ачык эшик күнүнө Агенттиктин тестирлөө бөлүмүнүн кызматкерлери жана башчысы Б.Т. Салыкбаев ошондой эле студенттердин куратору А.Э. Арыкбаева катышышты. Жазуулар боюнча багыттоо Кудайберген Базарбаев Агенттик тарабынан иштелип чыккан эки мыйзам долбоорду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде жактады Директордун орун басары Байдылдаев Мурат Курманбекович, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин бекитүү жөнүндө” токтомун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде жактады