Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык  кызматынын Базар-Коргон райондук ветеринардык башкармалыгы улук жана кенже административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак

жарыялайт.

 

Административдик кызматтардын бардык топтору учун

  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word Ехсе1, жана башка программалар).
  • Компьютерде жана мобилдүү жабдууларда иштөө:

Ыктуулугу:

  • текст, графика жана таблица түрүндөгү редакторлор менен иштөө;
  • файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштөө (кайрадан ат коюу, көчүрүү, кыймылдатуу, жок кылуу жана калыбына келтирүү);
  • сырттагы перифериялык жабдууларды кошуу;

дисктеги мейкиндикти тазалоо (архивин түзүү);

  • Компьютердик жана социалдык түйүндөрүндө иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (Интернет, эл.почта ж.б.);

Ыктуулугу:

  • электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
  • издөө системаларын пайдалануу;
  • ар түрдүү браузерлер менен иштөө.
  • Кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен социалдык түйүндөрдө бири-бирине сыпайы мамиле менен аракеттенүү.
  • Маалыматтардын чоң көлөмү менен иш жүргүзүү: жацы маалыматты түзүү жана иштеп чыгуу.

 

Улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн

жалпы мыйзамдар

 

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
  • Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтуу нускама.

 

  • Кесиптик билим денгээли: айыл чарба багытындагы жогорку билим;
  • Иш тажрыйбасы жана стажы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
  • Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөндөгүлөрдү билүү (Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары, ошондой эле, тиешелүү тармактагы мыйзамдар):

—        КР “Ветеринария жөнүндө” Мыйзамы;

—        КР “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Мыйзамы;

—        КР “Ишкердиктин субъектилерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамы

—        КР “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукталарды идентификациялоо жөнүндө” Мыйзамы.

 

         Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгүдөй квалификациялык талаптар белгиленет.

  • Кесиптик билим денгээли: айыл чарба багытындагы жогорку билим;
  • Иш тажрыйбасы жана стажы: иш тажрыйбасы талап кылынбайт
  • Кесиптик компетенттүүлүгү жалпы мыйзамдар.
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 Предметтик мыйзамдар.

—        КР “Ветеринария жөнүндө” Мыйзамы;

—        КР “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Мыйзамы;

—        КР “Ишкердиктин субъектилерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамы

—        КР “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукталарды идентификациялоо жөнүндө” Мыйзамы.

 

Кенже административдик бош кызмат ордуна

 

Кесиптик билим деңгээли: Ар кандай профилдеги жогорку кесиптик билим;

Эмгек стажы жана иш тажырыйбасы: Эмгек стажы талап кылынбайт.

Жалпы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдар

 

  • Кыргыз Республикасынын “Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамы

 

Жеке сапаттар

Ишкердик жазуу көндүмдөрү

Белгилүү бир чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, жаңы болгон көйгөйлөрдү чечүү ыкмалары;

-ишкер баарлашууну жана кеңешмелерди,жолугушуларды өткөрүүнүн ыкмалары. -компьютердик жана башка орг. техникаларды башкаруу.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди делого тиркеп тапшыруу керек (делонун сыртына толук аты-жону, байланыш номерлери, электрондук почта дареги көрсөтүлсүн):

-Жеке арыз;

-паспорттун көчүрмөсү;

-резюме (сүрөтү, электрондук почтаны көрсөтүү менен);

өмүр баяны;

-соттолбогондугу тууралу маалымат

-нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

-нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); .

илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин  көчүрмөлөрү (бар болсо).

Дареги: Базар-Коргон району, Базар-Коргон шаары, Б. Осмонов көчөсү №76 (Базар-Коргон райондук ветеринардык башкармалыгы) Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2023-жылдын 17-августунан 27-августунун саат 17-00 гө чейин кабыл алынат. Жарыя mkk.gov.kg жана gvfi.gov.kg сайттарына илинет.

Сурап-билүү телефону: (03736) 5-00-97

Эскертуу: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.