Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы улук кызмат орундарын ээлөөгө (сот пристав) кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт. Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобуна (сот пристав) квалификациялык талаптар: 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – ар кандай профилдеги жогорку билими. 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетентүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; – «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: – «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; – «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; – Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси”; – «Сот приставдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти жөнүндө» Жобо. – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; – компьютердик сабаттуулук жана керектүү көнүмдөрдү билүү (Word, Excel маалымат жана укуктук система). Конкурска катышууга керектүү документтердин тизмеси: – талапкердин жеке арызы; – резюме (электрондук почтаны, ПИН жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); – нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан күбөлөндүрүлгөн аскер билетинин көчүрмөсү; – форма № 086 медициналык маалымкат; – психикалык жана наркологиялык диспансердик маалым кат; Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышуудан четтетилет. Документтер жарыянын тексти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин www.mkk.gov.kg расмий сайтына чыккан күндөн тартып 2026-жылдын 30-апрель саат 17:30га чейин кабыл алынат. Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу: 1) электрондук форматта өтүнмө беришет; 2) Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө макулдугун тастыктайт; 3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген коррупцияга каршы чектөөлөрдү мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кабыл алууну тастыктайт. Байланыш үчүн тел.: 03722 2-08-78. Жазуулар боюнча багыттоо Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагынын айыл өкмөтү башкы жана улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.