Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагынын айыл өкмөтү башкы жана улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт. Атай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-А) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим: (Экономика,”Экономка жана менеджмент”, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Менеджмент, Гуманитардык илимдер, Педагогикалык билим берүү, Юриспруденция). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Маалымат алуу укугу жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекси»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Билим берүү жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди,ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү. Билгичтиги: иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө; өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу. Көндүмдөрү: аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу билүү; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы – кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-А) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим: (Экономика жана менеджмент, ”Бухгалтердик эсеп жана аудит” жана Экономика адистигиндеги). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; Кесиптик компетенциялары: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”; Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жонундо Кодекси”; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди,ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү. Билгичтиги: иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү. Көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Айыл чарбасы, жер ресурстары, турак-жай жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим: (Айыл чарба багытындагы, Геодезия жана жерге жайгаштыруу багытындагы, Токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү багытындагы, Техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология багытындагы, Архитектура жана курулуш багытындагы, Экономика жана башкаруу багытындагы). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: “Кыргыз Республикасынын Жер кодексин”; “Кыргыз Республикасынын Суу кодексин”; Кыргыз Республикасынын Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-июнундагы №306 «Айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүү жана жүргүзүү үчүн аз өндүрүмдүү айыл чарба жерлерин берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому; Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү. Билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү. Көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Коомдук саламаттык сактоо жана социалдык маселелер боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билими: (Экономика жана менеджмент, Маданият жана жаштар менен иштөөнү уюуштуруу, Социалдык илимдер багытындагы, Саламаттык сактоо багытындагы, Педогогикалык билим берүү адистиги). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөө кодексин: Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ”; Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди,ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү. Билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү. Көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Коомдук коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим: (Юриспруденция, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Техносфералык коопсуздук, Жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология (МЧС), Архитектура жана курулуш, Экономика багытындагы). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “ Өзгөчө абал жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргоо жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын ”Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү. Билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү. көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Талап кылынуучу документтер: – жеке арызы; – кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү жана сүрөтү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен) тактама; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү; Жөнөткөн документтери толук эмес, ошондой эле белгиленген талапка жооп бербеген жарандарга конкурска катышууга уруксат берилбейт. Сынакка катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтерди атайын папкага топтоп тапшыруу керек. Конкурска катышууга уруксат берилген талапкерлерге конкурстун өткөрүлүшүнүн күнү, орду жана убактысы кошумча билдирилет. Документтер, жарыянын тексти Агенттиктин веб-сайтына (www.atay.gov.kg) жарыяланган күндөн тартып 2026-жылдын 22-апрелинен 15-майына чейин Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Арал айылы, Т.Жээналиев көчөсү № 56 дареги боюнча Атай айыл өкмөтүнүн имаратында кабыл алынат. Байланыш үчүн тел.: 0774-81-25-88 Жазуулар боюнча багыттоо Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаарынын мэриясы улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы