Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратымамлекеттик жарандык кызматтын укуктук жана аналитикалык камсыздоо, эл аралык байланыштар жана уюштурууну камсыздоо жаатында улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак өткөрүү жөнүндө жарыялайт Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек: 1) КР жараны болууга; 2) 21 жаштан жаш эмес; 3) кадрлар резервине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү. Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна жалпы квалификациялык талаптар: Билүү: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы – «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү; – Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган деңгээлде мамлекеттик тилди билүү жөнүндө сертификат; – Мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санарип сабаттуулукка ээ болуусу. Укуктук жана аналитикалык камсыздоо жаатында Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн квалификациялык талаптар: 1) Кесиптик билиминин деңгээли: – юриспруденция жаатындагы жогорку кесиптик билими; 2) Стажы жана иш тажрыйбасы: – мамлекеттик кызматтагы жана/же муниципалдык кызматтагы жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Укуктук жана аналитикалык камсыздоо жаатындагы административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобу үчүн кесиптик компетенциялар: Билүү: – «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары; – «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары; – Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенттери; – Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси. Билгичтиги: – маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – ченемдик укуктук актыларга укуктук талдоо жүргүзүү жагында ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – жаңы эмгек шарттарына көнүү; – ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; – чыр-чатак кырдаалдарын жөнгө салуу; – ченемдик укуктук актыларга укуктук талдоо жүргүзүү жагында ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны изилдөө; – соттук же ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо. Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү; – башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу. Эл аралык байланыштар жана уюштурууну камсыздоо жаатында Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн квалификациялык талаптар: 1) Кесиптик билиминин деңгээли: – юриспруденция, эл аралык мамилелер жана эл аралык укук жаатындагы жогорку кесиптик билими; 2) Стажы жана иш тажрыйбасы: – мамлекеттик кызматтагы жана/же муниципалдык кызматтагы жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Эл аралык байланыштар жана уюштурууну камсыздоо жаатындагы административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобу үчүн кесиптик компетенциялар: Билүү: – «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары; – «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө», « Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары; – Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенттери; – англис тилин Intermediate деңгээлинен төмөн эмес билүү; – башка чет тилдерди кошумча билүү артыкчылыктуу. Билгичтиги: – маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – ата мекендик жана чет өлкөлүк мыйзамдарга салыштырма укуктук талдоо жүргүзүү; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – жаңы эмгек шарттарына көнүү; – ченемдик укуктук актыларга укуктук талдоо жүргүзүү жагында ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны изилдөө; – ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо. Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү; – башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу; – Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына юридикалык экспертиза (укуктук талдоо) жүргүзүү; – эл аралык жана ички иш-чараларда жетекчиликти протоколдук камсыз кылуу; – көп тараптуу форматтагы иш-чараларды өткөрүү; – чет өлкөлүк кызматтык сапарларды даярдоо жана уюштуруу жагынан камсыз кылуу; Сынакка катышууну каалаган конкурсанттар электрондук форматта “е-kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу арыз бере алышат https://kyzmat.gov.kg тиркелген төмөнкү документтерди берүү зарыл: – жеке арызы, кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөтү, резюме, автобиографиясы (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); – паспорттун көчүрмөсү (сынакка документтерди тапшырууда, ошондой эле тестирлөө этабында паспорттун түп нускасы же инсандыгын ырастаган документ көрсөтүлөт); – зарыл кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын ырастоочу документтер (нотариус же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулатуу, окумуштуу даражасын жана окумуштуу наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү); – сунуштама каттар (эгерде бар болсо); – толук маалымат КР Конституциялык сотунун https://constsot.kg/ru/ сайтында жайгаштырылган. Документтер 2026-жылдын 3-июнунан тартып 12-июнун кошуу менен дүйшөмбүдөн жумага чейинки иш күндөрү саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин (түшкү тыныгуу саат 12.30 дан 13.30 га чейин) Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 39 дареги боюнча тапшырылышы керек. № 20 кабинет, телефон: 66-05-47; 62-15-17. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги