Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев: “Нооруз – жаңылануунун, тазалануунун, ынтымактын жана аруу тилектин улуу майрамы” Урматтуу мекендештер!Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматчылары! Сиздерди элибиздин байыркы доордон бери сакталып, белгиленип келе жаткан улуу Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Нооруз – жаңылануунун, тазалануунун, ынтымактын жана аруу тилектин улуу майрамы. Бул майрамды элибиз өзгөчө шаан-шөөкөт менен белгилеп келет.. Ак калпакчан аталарыбыз, ак элечек оронгон энелерибиз бул күнү Жараткандан бейипилдикти, ачык асманды жана токчулукту тилейт. Сүмөлөк кайнатылып, улуттук оюндар өткөрүлүп, ыр-бий менен Нооруз майрамын шаңга бөлөп өткөрүү салтыбыз сакталып келүүдө Көптөгөн сыноолорду башынан өткөргөн элибиз Ноорузду жаздын символу катары көрүп, зор үмүт менен тосуп келет. Нооруз – ынтымактын жарчысы. Нооруз – ынтымактын жарчысы. Көп улуттуу мамлекетибиздин улуттар аралык ынтымагынын бекемделишине касиеттүү майрамдын ролу эбегейсиз чоң! Сиздерге жана жалпы журтубузга чың ден соолук, кажыбас кайрат, токчулук, молчулук каалайм. Ыйык мекенибиз Кыргызстанда ар дайым ынтымак, бейпилдик жана ачык асман өкүм сүрсүн! Урматтоо менен,Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик кадр кызматынындиректору А.М. Маматалиев Жазуулар боюнча багыттоо JDS долбоорунун Жетектөөчү комиссиясы менен талапкерлердин ортосундагы ар тараптуу аңгемелешүү өтүүдө Түшүндүрүү семинары жигердүү өттү
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев: “Нооруз – жаңылануунун, тазалануунун, ынтымактын жана аруу тилектин улуу майрамы”Урматтуу мекендештер!Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматчылары!Сиздерди элибиздин байыркы доордон бери сакталып, белгиленип келе жаткан улуу Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!Нооруз – жаңылануунун, тазалануунун, ынтымактын жана аруу тилектин улуу майрамы. Бул майрамды элибиз өзгөчө шаан-шөөкөт менен белгилеп келет. Ак калпакчан аталарыбыз, ак элечек оронгон энелерибиз бул күнү Жараткандан бейипилдикти, ачык асманды жана токчулукту тилейт. Сүмөлөк кайнатылып, улуттук оюндар өткөрүлүп, ыр-бий менен Нооруз майрамын шаңга бөлөп өткөрүү салтыбыз сакталып келүүдө. Көптөгөн сыноолорду башынан өткөргөн элибиз Ноорузду жаздын символу катары көрүп, зор үмүт менен тосуп келет. Нооруз – ынтымактын жарчысы. Көп улуттуу мамлекетибиздин улуттар аралык ынтымагынын бекемделишине касиеттүү майрамдын ролу эбегейсиз чоң!Сиздерге жана жалпы журтубузга чың ден соолук, кажыбас кайрат, токчулук, молчулук каалайм. Ыйык мекенибиз Кыргызстанда ар дайым ынтымак, бейпилдик жана ачык асман өкүм сүрсүн!Урматтоо менен,Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик кадр кызматынындиректору А.М. Маматалиев Жазуулар боюнча багыттоо Группа государственных/муниципальных служащих и работников государственных учреждений отправились на учебу в Южную Корею для получения степени магистра Директор Государственной кадровой службы Кыргызской Республики Абдырахман Маматалиев: “Нооруз – великий праздник обновления, очищения, согласия и благих пожеланий!»