Түшүндүрүү семинары жигердүү өттү

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имаратында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө” № 2 Жарлыгынан келип чыккан маселелерди түшүндүрүү боюнча облустук семинар болуп өттү.

Семинарга облустук, райондук, шаардык мекемелердин жетекчилери, райондук мамлекеттик администрация башчылары жана аппарат жетекчилер, шаардын мэрлери жана аппарат жетекчилер, айыл өкмөтүнүн башчылары чакырылган.

Семинардын ишине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу, саясат жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мирбек Кожоев, Кыргыз Республикасыын Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Айбек Джунушалиев катышты

Мамлекеттик башкарууну жана кадр саясатын түп-тамырынан жаңылоо боюнча алдыда турган милдеттер, бул багыттагы ишти жакшыртуу боюнча шарттарды түзүү, кадрларды тандоо системасын жана практикасын өзгөртүү багытында жасалып жаткан иштер менен семинардын катышуучуларын кеңири тааныштырып өтүштү. Семинардын катышуучулары жаңы мамлекеттик саясаттын негизги аспектилери жөнүндө толук маалымат алышты

Семинардын катышуучулары тарабынан берилген суроолорго толугу менен түшүндүрмөлөр берилди.

Семинардын жыйынтыгы менен жер-жеринде Жарлыктан чыккан милдеттерге бийлик органдары тарабынан жогорку жоопкерчилик менен мамиле жасаларына ишеним зор экендиги белгиленди.