Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик
Дареги: Бишкек шаары, Чүй пр. 122, тел.: 62-04-05, Факс 62-03-10, Ишеним телефону: 66-03-39, WhatsApp 0990774430. Email: gagsmsu@gmail.com
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 “Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарын ээлөөгө региондук кадрлар резервине, ошондой эле, республикалык, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын кызмат орундарын ээлөөгө муниципалдык кадрлар резервине кабыл алуу үчүн конкурс жарыялайт
Конкурс үч этапта өткөрүлөт:
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы-акиминин кызмат ордуна квалификациялык талаптар:
– жогорку билим;
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 7 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 10 жылдан кем эмес иш стажы бар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 7 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы-акиминин орун басары кызмат ордуна квалификациялык талаптар:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар.
Республикалык маанидеги шаардын мэринин кызмат ордуна
квалификациялык талаптар:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 10 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарында 5 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 15 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 10 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар.
Республикалык маанидеги шаардын мэринин орун басары кызмат ордуна квалификациялык талаптар:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында 5 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар.
Облустук маанидеги шаардын мэринин кызмат ордуна
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 7 жылдан кем эмес, анын ичинен жетекчилик кызмат орундарында 5 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 10 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 7 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар.
Облустук маанидеги шаардын мэринин орун басары кызмат ордуна
квалификациялык талаптар
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында 3 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар.
Райондук маанидеги шаардын мэринин кызмат ордуна
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар.
Райондук маанидеги шаардын мэринин орун басары кызмат ордуна
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
– жеке арыз тиркемеге ылайык;
– сүрөтү менен резюме тиркемеге ылайык;
– негизги жана кошумча билимин ырастоочу документтердин (нотариус тарабынан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн) көчүрмөлөрү;
– нотариус тарабынан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин (нотариус тарабынан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн) көчүрмөсү;
– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
– туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Документтер 2025-жылдын 19-февралынан 21-февралына чейин иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат.
ЖМА башчысы – акиминин, анын орун басарларынын, ошондой эле, республикалык, облусттук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын кызмат орундары үчүн милдеттүү түрдө, документтер көктөмөгө (документтер үчүн тикме папка) тиркелип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигине берилүүгө тийиш. Дареги боюнча: Бишкек ш., Чүй пр. 122, 3-кабат,. 304-каб. (Панфилов көчөсүнөн кире бериш). Тел. 660149, 620412.
Райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын кызмат орундары үчүн милдеттүү түрдө, документтер көктөмөгө (документтер үчүн тикме папка) тиркелип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин аймактар аралык башкармасына берилүүгө тийиш.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу: тел.:(0312) 62-08-90,62-05-49, 62-08-14.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел: (03522) 5-23-00,
(0708) 32-43-25.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел: (03422) 5-48–99
Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел.:(03922) 5-05–65.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел.:(03222) 5-66-15, 5-50-76.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел.:(03622) 5-02-93.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча катышуучулардын документтери кайтарылып берилбейт.