Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын  административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобундагы кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Административдик кызмат орундарына коюлуучу жалпы талаптар:

Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) мамлекеттик жарандык кызмат үчүн — 21 жаштан жаш болбоого;

3) ушул кызмат орду үчүн мыйзамдарда жана кызматка кабыл алууну жүзөгө ашырып жаткан Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты  тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

 

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарынын тобуна төмөнкүдөй  квалификациялык талаптар белгиленет:

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку билим;

 

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;

 

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

— билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Ар бир административдик кызмат орду үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли мамлекеттик тил чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

 

Административдик мамлекеттик улук кызмат орундарынын тобу үчүн тесттик тапшырмаларды (негизги тест) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси

 

1)         Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2)         Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;

3)         Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

4)         Кыргыз Республикасынын «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» мыйзамы;

5)         Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

6)         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы                    №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

 Агрардык өнүктүрүү багытында

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

Айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билими.

 

2)Кесиптик компетенттүүлүгү:

 

Кыргыз Республикасынын төмөнкү Кодекстерин жана мыйзамдарын билүү:

-“Кыргыз Республикасынын  Жер Кодекси”;

-“Кыргыз Республикасынын  Суу Кодекси”;

-“Кыргыз Республикасынын  Токой Кодекси”;

-“Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө”;

-“Жайыттар жөнүндө”;

-“Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө”

-“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”;

— “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”

-“Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”.

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”;

 

Тандоого катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:

 —    өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтасын, жашаган дарегин, байланыш телефондорун көрсөтүү менен);

— өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү.

 

Тандоого катышуу үчүн керектүү документтер төмөндөгү даректе саат 8-30дан    17-30га чейин кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн расмий сайтына чыккан күндөн тартып 2024-жылдын 12-февралы күнүнөн кечиктирбей “Конкурска” деген белги коюлган көктөмөгө салынып тапшырылуусу зарыл.

Документтерди кабыл алуу дареги: Талас шаары Бердике баатыр көчөсү №287,               3-кабат  №315 бөлмөсү.  Байланыш телефондору: (03422) 5 29 87,  0703 95 58 33.