Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптары.

 

Транспорт багыты боюнча мамлекеттик административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

Жогорку кесиптик билим:

1.»Техникалык илимдер» чѳйрѳсүндѳгү жогорку техникалык кесиптик билиминин тѳмѳндѳгү багыттагы адистиктери:

— «Жер транспортунун  системалары»  багытындагы «Автомобиль  жана автомобиль чарбасы» адистиги;

— «Автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо» багытындагы «Ташууну  жана транспортту башкарууну уюштуруу», «Жол кыймылын уюштуруу», «Кыймылды уюштуруу жана  коопсуздук», «Автомобиль транспортун эксплуатациялоо» адистиктери;

  1. «Транспорттук техника жана технология» чѳйрѳсүндѳгү жогорку техникалык кесиптик билиминин тѳмѳндѳгү багыттагы адистиктери:

-«Транспорт-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо» багытындагы  «Автомобиль транспорту», «Суу транспорту», «Машина куруу», «Механизация» адистиктери.

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт;

  1. Кесиптик компетенциялар:

-«Автомобиль транспорту жѳнүндѳ»  Кыргыз Рспубликасынын  Мыйзамы;

-«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык –уруксат берүү тутуму жѳнүндѳ» Кыргыз Рспубликасынын  Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2018-жыл 17-сентябрындагы № 430 «Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;

-Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 «Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлѳрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жѳнүндѳ» токтому;

-Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2014-жылдын 23- декабрындагы  № 724 «Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту чѳйрѳсүндѳгү мыйзамдарынын  сакталышын мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу боюнча  нускаманы бекетүү  жѳнүндѳ» токтому;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022- жылдын 14- апрелиндеги №223 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде  жүрүүчү жана суу транспорту  департаменти жөнүндө» токтому;

Ошондой эле тѳмѳнкүлѳрдү билүү зарыл:

— кызматтык  милдеттерди  аткаруу үчүн зарыл болгон кѳлѳмдѳ мамлекеттик жана   расмий тилдерди.

-статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды ѳндүрүү;

— тест, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштѳѳ;

-файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштѳѳ, атын ѳзгѳртүү, кѳчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү;

-тышкы перифериялык түзүлүштѳрдү туташтыруу;

-диск мейкиндигин тазалоо (архивдѳѳ);

-компьютердик жана социалдык  тармактардагы иш: маалыматты издѳѳ, бѳлүшүү жана сактоо (интернет, электордук почта ж.б.)

— электрондук каттарды кабыл алуу жана жѳнѳтүү;

-ар кандай браузерлер менен иштѳѳ;

-кеңсе техникасы менен иштѳѳ:  кѳчүргүчтѳр , принтер,сканер, пректор же интерактивдүү доска, факс.

3.1.  Билгичтиги:

— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны  талдоо  жана аны практикалык иште колдонуу;

— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

— жарандардын кайрылууларын кароо  жана  жоопторду  даярдоо;

— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

— командада иштөө.

 

3.2. Көндүмдөр:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын,зарыл болгон  программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтер (чогултулуп тиркелет):

— Форма боюнча жеке арыз;

— Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча (сүрөтү менен);

-Резюме (телефон номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);

-Автобиография (соттолбогону бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

-Негизги жана кошумча билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн);

— Нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо);

— окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

 

Талапкерлердин   документтери  2024-жылдын 08-январынан   2024-жылдын 18-январына  чейин Балыкчы шаарындагы Ж.Абдрахманов көчѳсүнүн № 15 дареги боюнча кабыл алынат.

Маалымат үчүн Телефон (03944) 70912.