Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптары. Транспорт багыты боюнча мамлекеттик административдик кызмат орундарынын кенже тобу жана финансы–экономика  багыты  боюнча мамлекеттик административдик кызмат орундарынын  кенже тобу үчүн.

 

1.Транспорт багыты боюнча мамлекеттик административдик кызмат орундарынын кенже жана улук  тобу үчүн:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

Жогорку кесиптик билим:

1.»Техникалык илимдер» чѳйрѳсүндѳгү жогорку техникалык кесиптик билиминин тѳмѳндѳгү багыттагы адистиктери:

— «Жер транспортунун  системалары»  багытындагы «Автомобиль  жана автомобиль чарбасы» адистиги;

— «Автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо» багытындагы «Ташууну  жана транспортту башкарууну уюштуруу», «Жол кыймылын уюштуруу», «Кыймылды уюштуруу жана  коопсуздук», «Автомобиль транспортун эксплуатациялоо» адистиктери;

  1. «Транспорттук техника жана технология» чѳйрѳсүндѳгү жогорку техникалык кесиптик билиминин тѳмѳндѳгү багыттагы адистиктери:

-«Транспорт-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо» багытындагы  «Автомобиль транспорту», «Суу транспорту», «Машина куруу», «Механизация» адистиктери.

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же  тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3   жылдан кем эмес иш тажрыйбасы(улук тобуна);

— иш стажына талаптар коюлбайт; (кенже тобуна).

  1. Кесиптик компетенциялар:

-«Автомобиль транспорту жѳнүндѳ»  Кыргыз Рспубликасынын  Мыйзамы;

-«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык –уруксат берүү тутуму жѳнүндѳ» Кыргыз Рспубликасынын  Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2018-жыл 17-сентябрындагы № 430 «Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;

-Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 «Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлѳрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жѳнүндѳ» токтому;

-Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2014-жылдын 23- декабрындагы  № 724 «Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту чѳйрѳсүндѳгү мыйзамдарынын  сакталышын мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу боюнча  нускаманы бекетүү  жѳнүндѳ» токтому;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022- жылдын 14- апрелиндеги №223 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде  жүрүүчү жана суу транспорту  департаменти жөнүндө» токтому;

     Ошондой эле тѳмѳнкүлѳрдү билүү зарыл:

— кызматтык  милдеттерди  аткаруу үчүн зарыл болгон кѳлѳмдѳ мамлекеттик жана   расмий тилдерди.

-статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды ѳндүрүү;

— тест, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштѳѳ;

-файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштѳѳ, атын ѳзгѳртүү, кѳчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү;

-тышкы перифериялык түзүлүштѳрдү туташтыруу;

-диск мейкиндигин тазалоо (архивдѳѳ);

-компьютердик жана социалдык  тармактардагы иш: маалыматты издѳѳ, бѳлүшүү жана сактоо (интернет, электордук почта ж.б.)

— электрондук каттарды кабыл алуу жана жѳнѳтүү;

-ар кандай браузерлер менен иштѳѳ;

-кеңсе техникасы менен иштѳѳ:  кѳчүргүчтѳр , принтер,сканер, пректор же интерактивдүү доска, факс.

3.1.  Билгичтиги:

— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны  талдоо  жана аны практикалык иште колдонуу;

— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

— жарандардын кайрылууларын кароо  жана  жоопторду  даярдоо;

— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

— командада иштөө.

3.2. Көндүмдөр:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын,зарыл болгон  программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

2.Финансы –экономика  багыты  боюнча мамлекеттик административдик  кызмат орундарынын улук жана кенже тобу үчүн:

  1. Кесиптик билимдин  деңгээли:

Жогорку кесиптик билим:

  • «Экономика жана башкаруу» чѳйрѳсүндѳгү жогорку кесиптик билиминин «Экономика» багытындагы тѳмѳндѳгү адистиктери: 

— «Бухгалтердик эсеп жана аудит»;

— «Дүйнѳлүк экономика»;

— ишкананын экономикасы (тармактар боюнча);

— «Финансы жана кредит» .

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же  тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3   жылдан кем эмес иш тажрыйбасы(улук тобуна);

— иш стажына талаптар коюлбайт; (кенже тобуна)

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

-Кыргыз Рспубликасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдары;

-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кѳлөмдѳ мамлекеттик жана/же  расмий тилдери.

3.1.  Билгичтиги:

— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо  жана аны практикалык иште колдонуу;

— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— жарандардын кайрылууларын кароо  жана  жоопторду  даярдоо;

— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

— командада иштөө.

3.3. Көндүмдөр:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

— компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды   колдоно билүү.

 

 

Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтер (чогултулуп тиркелет):

—    Форма боюнча жеке арыз;

—    Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча (сүрөтү менен);

—    Резюме (телефон номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);

— Автобиография (соттолбогону бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

— Негизги жана кошумча билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн);

—   Нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо);

-Окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

—  Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Талапкерлердин   документтери  жарыя сайтка чыккан кундөн баштап кабыл алынат.   2024-жылдын 06- февралынан   2024-жылдын 16-февралына   чейин Балыкчы шаарындагы Ж.Абдрахманов көчѳсүнүн № 15 дареги боюнча кабыл алынат.

Маалымат үчүн Телефон (03944) 70912.