Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобонун 6 пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги (мындан ары – Министрлик) борбордук аппаратынын кадрлар резервине киргизүү максатында башкы кызмат орунуна ачык конкурс жарыялайт.
Башкы кызмат орунуна кадрлар резервине киргизүү үчүн мамлекеттик жарандык кызматчыга (мындан ары-кызматчы) төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— «Транспорттук техника жана технология» тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: жер үстүндөгү транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер, транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо, транспорттук процесстердин технологиясы; «Жерде жүрүүчү транспортту эксплуатациялоо» тармагында: автомобилдер жана автомобиль чарбасы; «Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу» тармагында: ташууларды уюштуруу жана транспортто башкаруу (түрлөрү боюнча), кыймылдын коопсуздугу жана уюштурулушу.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Жалпы мыйзамдарды билүү:
— Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарынан:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;
3.Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
4.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
5.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
6.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
7.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
8.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
9.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
10.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
4. Багыт боюнча предметтик мыйзамдарды билүү:
–Транспорт багыты боюнча:
-Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарынан:
1.«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө»;
2.«Автомобиль транспорту жөнүндө»;
3.«Темир жол транспорту жөнүндө»;
4. «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн / Министрлер Кабинетинин токтомдору:
2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти», 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама, 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 430 «Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө Жобо», 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 «Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу Эрежелерин,» 2015-жылдын 21-майындагы № 311 «Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун Эрежелерин», 2021-жылдын 1- июлундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө» Жобо.
— Билгичтиги:
-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
-түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
-коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө;
-өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
-Көндүмдөрү:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
-форма боюнча жеке арыз;
-кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
-сүрөтү менен резюме (тел номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
-автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
-нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
-нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
-окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
-паспорттун көчүрмөсү.
Конкурска катышкан адамдар сунуштама каттарын кошумча тапшыра алышат.
Конкурска катышуу үчүн документтер көктөлүп жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Адам ресурстары бөлүмүнө төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: Бишкек ш., Н. Исанов көч., 42, 305-кабинет.
Документтер 2023-жылдын 19-июлунан 1-августуна чейин иш күндөрү саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин кабыл алынат. Кошумча маалымат (0312) 31 41 08 телефону жана КР ТКМ www.mtd.gov.kg жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин www.mkk.gov.kg расмий сайттарында.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга ачык конкурска катышууга жол берилбейт.