Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2026-жылдын 26-майынан 6-июнуна чейин административдик кызмат орундарынын башкы жана улук тобуна кадрлардын резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар: Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек: – Кыргыз Республикасынын жараны болушу керек; – жаш курагы 21 жаштан төмөн болбошу зарыл; – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү (2025-жылдан тартып — орто деңгээлден (В1) төмөн эмес, 2027-жылдан тартып — ортодон жогорку деңгээлден (В2) төмөн эмес; – компьютерди жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык көндүмдөрдү билүү; Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн: Төмөнкүлөрдү билүү: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын; 2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын; 3) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын; 4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин. 5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 6) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 7) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 8) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 9) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 10) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди; – мыйзамда каралган учурларда кызматкердин ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдөгү санариптик сабаттуулук. Төмөнкү предметтик мыйзамдарды: 1) “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; 2) “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; 3) “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; 4) Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин; 5) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 6) “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 7) “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 8) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 9) “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 10) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын регламентин. Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук топтору үчүн: Төмөнкү жалпы мыйзамдарды билүүсү керек: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын; 2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; 3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди; – мыйзамда каралган учурларда кызматкердин ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдөгү санариптик сабаттуулук. Төмөнкү предметтик мыйзамдарды: 1) “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; 2) “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; 3) “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; 4) Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин; 5) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 6) “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 7) “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 8) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 9) “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 10) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын регламентин. Башкы административдик кызмат орундары үчүн квалификациялык талаптар: Шайлоолорду уюштуруу багыты боюнча (Лейлек аймактык шайлоо комиссиясында атайын өкүлү) – гуманитардык илимдер (политология, юриспруденция, эл аралык мамилелер), экономика жана башкаруу (экономика, менеджмент, кадрларды башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу) жаатындагы жогорку билим. – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы. Улук административдик кызмат орундары үчүн квалификациялык талаптар: Юриспруденция багыты боюнча (укуктук камсыздоо боюнча эксперт) – жогорку юридикалык билим. – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. (коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуусу) – жогорку кесиптик билим (юриспруденция, экономика, башкаруу). – коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча сертификаттардын болушу артыкчыльк болуп саналат. Маалыматтык коммуникациялык технологиялар багыты боюнча (Базар-Коргон, Өзгөн, Лейлек аймактык шайлоо комиссияларындагы системдик администраторлор ) – ар кандай профилдеги жогорку билим. Маалыматтык система, маалыматтык коммуникациялык технологиялар чѳйрѳсүндѳгү билим артыкчылыктуу болуп саналат. – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Финансы жана экономика багыттары боюнча (пландаштыруу, эсеп жүргүзүү жана отчкттуулук боюнча эксперт) – финансы жана экономика чөйрөсүндөгү жогорку билим. – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Конкурска катышууну каалаган конкурсанттар электрондук форматта “Е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу же кагаз түрүндө төмөнкү документтерди берүү менен арыз бере алышат: 1) конкурстук комиссиянын төрагасынын атына өзүнүн арызы; 2) кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөтү (3х4, 4х6); 3) зарыл кесиптик билимин ырастоочу документтер, иш стажы жана квалификациясы (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билимин, квалификациясын жогорулатуу тууралуу, илимий даражасын жана илимий наамын ыйгаруу жөнүндө күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөлөрү); 4) паспортунун көчүрмөсү; 5) аскердик билеттин көчүрмөсү; 6) тиркөө папкасы (документтер үчүн). Документтер Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында Бишкек шаары, Пушкин кѳчѳсү, 50, дареги боюнча № 201 бөлмөдө беш жумуш күнүн эске алуу менен 2026-жылдын 26-майынан 6-июнун кошуп алганга чейин саат 9.00дөн 18.00гө чейин (түшкү тамактанууа тыныгуу – саат 12.30дан 13.30га чейин) кабыл алынат. Толук эмес документтерди тапшырган, ошондой эле коюлган талаптарга жооп бербеген талапкерлер конкурска катыштырылбайт. Кошумча маалымат алуу үчүн 62-08-27 телефону боюнча (адам ресурстарын башкаруу секторуна) кайрылса болот. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Бишкек шаардык статистика башкармалыгы ачык сынак жарыялайт. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору