Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13 – февралындагы № 43 Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө Жарлыгынын негизинде башкы жана улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарга конкурс жарыялайт:
1. Башкы административдик мамлекеттик жарандык кызмат орунга жалпы квалификациялык талаптар:
Жалпы негизги тестирлөө үчүн билүүсү керек:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы”;
3) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
5) “Жарандардын кайрылууларын Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; кароо тартиби жөнүндө”
6) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8) «Кызыкчылыктардын кагылушуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9) «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы»
10) “Коррупцияга каршы Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
11) Кыргыз Республикасынын аракеттенүү Өкмөтүнүн жөнүндө” 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
1. Эл аралык кызматташуу багыты боюнча квалификациялык талаптар:
•Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
– гуманитардык илимдер (лингвистика, эл аралык мамилелер, туризм, юриспруденция багыттар боюнча), экономика жана башкаруу (экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыттар боюнча), табигый илимдер (экология жана жаратылышты пайдалануу багыты боюнча) жаатындагы жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
– Кыргыз Республикасынын Токой Кодекси;
– “Эл аралык келишимдер жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары.
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024 – жылдын 4 – мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобосу;
– Эл аралык жаратылышты коргоо конвенцияларынын, Кыргыз Республикасынын токой чарбасы жаатындагы стратегиясынын жалпы саясатынын (экологиялык коопсуздук концепциясы, токой тармагын өнүктүрүү Концепциясы, туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы ж. б.) ишмердүүлүгү.
Билгичтиги:
– иш-аракеттердин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– башкаруу чечимдерин оперативдүү кабыл алууга жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартууга;
– талапдардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү жана аларды жөнгө салуу;
– коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
– өзүнүн жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
Көндүмдөрү:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу.
2. Улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:
Жалпы негизги тестирлөө үчүн билүүсү керек:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) “Жарандардын кайрылууларын Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; кароо тартиби жөнүндө”
5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Коррупцияга каршы Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) Кыргыз Республикасынын аракеттенүү Өкмөтүнүн жөнүндө” 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
2. Эл аралык кызматташуу багыты боюнча квалификациялык талаптар:
Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
•Кесиптик билим деңгээли:
– гуманитардык илимдер (лингвистика, эл аралык мамилелер, туризм, юприспруденция багыттар боюнча), экономика жана башкаруу (экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыттар боюнча), табигый илимдер, токой ресурстарын көбөйтүү жана кайра иштетүү, тейлөө тармагы (туризм багыты боюнча (экология жана жаратылышты пайдалануу багыты боюнча) жаатындагы жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
– Кыргыз Республикасынын Токой Кодекси;
– “Эл аралык келишимдер жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024 – жылдын 4 – мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобосу;
– Эл аралык жаратылышты коргоо конвенцияларынын, Кыргыз Республикасынын токой чарбасы жаатындагы стратегиясынын жалпы саясатынын (экологиялык коопсуздук концепциясы, токой тармагын өнүктүрүү Концепциясы, туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы ж. б.) ишмердүүлүгү.
Билгичтиги:
– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо маселелери;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
– натыйжалуу кызматташтык пландарын иштеп чыгуу,
– ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.
Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы жагындагы эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
– ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
– чет тилдерди билүүсү.
3.Токой чарбасы багыты боюнча квалификациялык талаптар:
•административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
– токой ресурстарын көбөйтүү жана кайра иштетүү (токой чарбасы жана ландшафттык курулуш багыты боюнча), табигый илимдер (экология жана жаратылышты пайдалануу, биология жана биоэкология багыттар боюнча), геодезия жана жерге жайгаштыруу (жерге жайгаштыруу жана кадастрлар багыты боюнча), экономика жана башкаруу (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча) жаатындагы жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта иш стажы же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
– Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;
– “Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 “Мамлекеттик токой фондусун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 27-майындагы № 231 “2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүү Концепциясын бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 10-февралындагы № 97 “Кыргыз Республикасынын токойлорунда жыгачты өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн эрежелерин, токой породаларынын өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн таксаларын жана Кыргыз Республикасынын токой каптаган аянтын баалоо үчүн ченемдерди бекитүү жөнүндө”, 2023жылдын 13-августундагы № 458 “Токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин жана жер фондунун башка категорияларындагы токой баскан аянттардын нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомдору;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобо.
Билгичтиги:
– токой чарбаларынын өндүрүштүк отчетторун жана маалыматтарды жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу.
Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– токой чарба иш-чаралары боюнча токой чарбаларынын иштеринин планын түзүү;
– токойду калыбына келтирүү, токой өстүрүү, жашылдандыруу, эрозияга каршы көчөттөрдү отургузуу, көчөт материалдарын өстүрүү боюнча иштерди жүргүзүү;
– эмгектин жаңы шарттарына ыңгайлашуу.
4.Токойду коргоо, сактоо багыты боюнча:
•административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
– токой ресурстарын көбөйтүү жана кайра иштетүү (токой чарбасы жана ландшафттык курулуш багыты боюнча), табигый илимдер (экология жана жаратылышты пайдалануу, биология, биоэкология, география багыттар боюнча), гуманитардык илимдер (юриспруденция багыты боюнча), техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология (техносфералык коопсуздук багыты боюнча) жаатындагы жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта иш стажы же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
– Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;
– “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 417 “Конфискацияланган жаңгак уюлдарын, тамырларын жана жаңгак жыгачтарын эсепке алуунун, сактоонун тартибин бекитүү жөнүндө”, 2013-жылдын 3-майындагы № 224 “Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине, мумия камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөө үчүн таксаларды бекитүү жөнүндө”, 2023-жылдын 21-январындагы № 25 “Жерлердин бузулушу үчүн зыяндын өлчөмүн эсептөөнүн Тартибин бекитүү жөнүндө” токтомдору;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы жөнүндө жобо.
Билгичтиги:
– токой чарбаларынын өндүрүштүк отчетторун жана маалыматтарды жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу.
Көндүмдөрү:
– токойду коргоо жана сактоо жаатында иштелип чыгуучу мамлекеттик программаларга карата ченемдик укуктук актылардын, стандарттардын, нормативдердин долбоорлорун, сунуштарды иштеп чыгуу;
– жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандык үчүн материалдык, кылмыш жана башка жоопкерчиликтердин ченемдерин.
5. Финансы-экономикалык багыты боюнча квалификациялык талаптар:
• административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн (каржы жана бухгалтердик эсеп боюнча) :
Кесиптик билим деңгээли:
– экономика жана башкаруу жаатында экономика, менеджмент багыттар (финансы, бухгалтердик эсеп жана аудит, салыктар жана салык салуу) боюнча жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
– “Тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын
4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобо;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы № 1-Б буйругу менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругу.
Билгичтиги:
– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– командада иштөө.
Көндүмдөрү:
– бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү жана отчеттуулукту түзүү;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– бюджеттик бухгалтериянын 1С программасы менен иштөө;
– талдоо, бюджет түзүү жана пландаштыруу.
6. Токой аӊчылык жайгаштыруу багыты боюнча:
•Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
– токой ресурстарын көбөйтүү жана кайра иштетүү жаатындагы токой чарбасы жана ландшафттык курулуш багыты (токой чарбасы, жыгач даярдоо жана жыгачты кайра иштетүү өндүрүшүнүн технологиясы) боюнча, геодезия жана жерге жайгаштыруу (жерге жайгаштыруу жана кадастрлар, геодезия жана аралыктан байкаштыруу багыттар боюнча), табигый илимдер (экология жана жаратылышты пайдалануу, биология, биоэкология, география багыттар боюнча), автоматташтыруу жана башкаруу багыты боюнча стандартташтыруу, сертификациялоо жана метрология жаатындагы жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик тестирлөө билүүсү керек:
– Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;
– Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-январындагы №43 “Кыргыз Республикасында Токой жайгаштыруу жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө”, 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 636 “Чарбалар аралык жана ички чарбалык аңчылык жайгаштырууну жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө”, 2013жылдын 13августундагы №458 «Токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда мамлекеттик токой фондунун башка категорияларындагы токой баскан аянттардын нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоонун тартибин бекиьтүү жөнүндө», 2022жылдын 4февралындагы №47 «Айыл чарба багытындагы жерлердин нарктык баалосун (ченемдик баасын) жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө», 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдору, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы жөнүндө жобо.
Билгичтиги:
– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө мамилелерди талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
– кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү.
− коюлган милдеттерди чечүү үчүн новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
– өз ишин жана Бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу.
Көндүмдөрү:
– токойду коргоо жана сактоо жаатында иштелип чыгуучу мамлекеттик программаларга карата ченемдик укуктук актылардын, стандарттардын, нормативдердин долбоорлорун, сунуштарды иштеп чыгуу;
– токой-аңчылык жайгаштыруу иштерин жүргүзүү жана контролдоо;
– маалыматты системалаштырууну талдоо жана жалпылоо;
− натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу.
Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу:
– электрондук форматта өтүнмө берет;
– Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун ырастайт;
– мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген антикоррупциялык чектөөлөрдү кабыл алууну ырастайт.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү көрсөтүлгөн документтер (сканерленген) тиркелет:
– паспорттун көчүрмөсү;
– кадрлык өздүк баракчасы
– өмүр баяны, резюме (уюлдук телефонун, электрондук почтасын жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтер (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү).
Документтерди тапшыруу 2026-жылдын 5-июнунан 18-июнуна чейин (кошкондо) жүргүзүлөт. Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган талапкерлерге Конкурска катышууга жол берилбейт.
Биздин дарек: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы Бишкек шаары, Чүй проспекти, 265 “а”, 1 – кабат 108- кабинет; моб.телефону: 0220618127 (9:00дан-18:00чейин).