Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрликтин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялансын:

I.Жарандык административдик кызмат орундарынын башкы тобуна (Каракол ш.) – 1 бирдик:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)Кыргыз Республикасынын Конституциясынын мыйзамы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”
3)Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
4)Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
5)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
6)Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
7)Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
8)Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;
9)Кыргыз Республикасынын “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Мыйзамы;
10)Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
11)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: гидромелиорация, гидротехникалык курулуш, курулуш.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
– Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Суу жөнүндө” мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2025-жылдын 17-январындагы № 21 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана алрды баалоонун критерийлердин бекитүү жөнүндө” токтомунун;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону” жана “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” кызматы жөнүндө жобону;
– Гидротехникалык курулуштар. Негизги жоболор. МСН 33-01-12; Гидротехникалык курулуштар. Долбоорлонун негизги жоболору (МСН 3.04-01-2005, СНиП 2.06.01-86); Суу каптоодон инженердик коргоону СНиП 2.06.15-85; Гидротехника. Негизги түшүнүктөр. Терминдер жана аныктамалар ГОСТ 19185-73; Селден коргоочу курулмалардын эксплуатациялоо эрежелери. Негизги жоболоруу ЧД 33-3.2.05-88; кыргызстандын тоолу дарыяларынын шартында жээк коргоочу тосмолорду долбоорло боюнча сунуштар, Бишкек – 1991ж.
3.2. Билгичтиги:
– коргоо курулмаларын эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча мыйзамдык жана ченемдик укуктук актыларды, көрсөтмөлөрдү жана методикалык материалдарды билүү;
– аткарылуучу иштердин түрлөрүн, өндүрүштүн технологиясынын негиздерин жана уюмдун өндүрүштүк пландоосун уюштуруун билүү;
– оңдоо-курулуш иштеринин өндүрүштүк программаларын жана календарлык графиктерин иштеп чыгуунун тартибин билүү;
– эмгекти коргоо, коопсуздук чаралары, өндүрүштүк санитария жана өрткө каршы эрежелерди жана ченемдердин билүү;
– ПСД сметаны түзүү,чийме чийүү;
– селди коркунучсуз өткөрүү үчүн коргоочу курулмаларды өз убагында даярдоо жана кырсыктан алдын ала сактоону, же кырсыкты жок кылуу үчүн иш чараларды өткөрүү;
– дефекттүү актыларды, сметаларды жана иш чаралар боюнча зарыл жумуштар түзүү;
– аналитикалык иш – кагаздарды түзүү;
– презентация жасоого жөндөмдүү.
3.3. Көндүмдөрү:
– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоноо билүү;
– геодезиялык инструменттерде иштөө, тиешелүү жайларды сүрөткө түшүрүү.
II.Жарандык административдик кызмат орундарынын улук тобуна (Талас ш., Бишкек ш.) – 2 бирдик:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
4)Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
5)Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
6)Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
7)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку кесиптик билим, төмөндөгү багыттар боюнча: гидромелиорация, гидротехникалык курулуш жана курулуш
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы жалпысынан бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы
3.Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
– Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргоону жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2025-жылдын 17-январындагы № 21 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана алрды баалоонун критерийлердин бекитүү жөнүндө” токтомунун;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” кызматы жөнүндөгү жобосу”;
– Гидротехникалык курулуштар. Негизги жоболор. ЭКН 33-01-12; Гидротехникалык курулуштар. Долбоорлорун негизги жоболору (ЭКН 3.04-01-2005, КНжЭ 2.06.01-86); Суу каптоодон инженердик коргоону КНжЭ 2.06.15-85; Гидротехника. Негизгиитүшүнүктөр. Терминдер жана аныктамалар ГОСТ 19185-73; Селден коргоочу курулмалардын эксплуатациялоо эрежелери. Негизги жоболоруу ЧД 33-3.2.05-88; Кыргызстандын тоолу дарыяларынын шартында жээк коргоочу тосмолорду долбоорло боюнча сунуштар.
3.2.Билгичтиги:
– толук оңдоо жумуштары өтө турган курулмалар үчүн долбоор иштеп чыгуу (эсептөө жана чиймелер);
– объекти нивелирдик жана теодолиттик ченем өткөрүү;
– технологиянын негиздери жана курулуш иштерин түрлөрүн билүү;
– Толук оңдоолуучу объекттерге керектөөчү каржаттын эсептеп чыгаруу;
– техникалык эксплуатациянын эрежелерин коргоо жана калыбына келтирүү жумуштарынын түзүлүшүн, техникалык тейлөөнү;
– аналитикалык иш – кагаздарды түзүү;
– презентация жасоого жөндөмдүү
3.3.Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– геодезиялык инстурменттерде иштөө, тиешелүү жайларды сүрөткө түшүрүү
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсүнө карата;
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугунун болушуна карата.
II.Сынакка катышууну каалаган талпакерлер «е-Kyzmat» мамлекеттик порталы https://kyzmat.gov.kg/ жеке кабинети аркылуу электрондук түрдө арыз бере алышат, арызга электрондук форматтагы (сканерленген документтер) документтер тиркелет.
– кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган докумен(негизги жана кошумча – эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери менен;
– эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары менен;
– илимий даража же илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо);
– квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгерде бар болсо).
Ачык конкурска катышуу үчүн документтери, байланышуу маалыматтары (телефон номери, электрондук дареги) туура жана так берилген талапкерлер чакырылат.
Документтерин толук тапшырбаган же коюлган талаптарга жооп бербеген талапкерлер сынакка катыша алышпайт.
Иш күндөрү саат 09:00дон 17:00го чейин, 2026-жылдын 23-июнунан тартып 2-июлга (кошо) чейин кабыл алынат. Дареги: Ош шаары, Моминова көчөсү 11, тел.: 0558112400 же Кара-Кол шаары, Алыбакова көчөсү, 87, тел. : 0551227219; 0552050800

 

wpChatIcon
wpChatIcon