Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына ачык конкурс жарыялайт:

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билим, экономика жана башкаруу илимдери боюнча экономика, финансы жана бухгалтердик эсеп жана аудит.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы жана экономикалык адистик боюнча бир жылдан кем эмес иш стажы.
-Ички аудитордун квалификациялык сертификаты болушу зарыл.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;
-Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Ички аудит жөнүндө” мыйзамдарын;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.

3.2. Билгичтиги:
-аналитикалык документтерди түзүү ыкмалары, презентациялык көндүмү, аналитикалык жөндөмү;
3.3. Көндүмдөрү:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу.

Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билим, экономика жана башкаруу илимдери боюнча экономика, финансы жана бухгалтердик эсеп жана аудит.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
-Ички аудитордун квалификациялык сертификаты болушу зарыл.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;
-Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Ички аудит жөнүндө” мыйзамдарын;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
-аналитикалык документтерди түзүү ыкмалары, презентациялык көндүмү, аналитикалык жөндөмү;
3.3. Көндүмдөрү:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
— паспорттун көчүрмөсүн;
— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Документтерди 2022-жылдын 1 апрелине чейин Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө тапшыруу керек.

Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, каб.610 (Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө), тел.:323385