1. Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар белгиленет (Нарын ш.):
  2. Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку кесиптик билим, төмөндөгү багыттар боюнча: экономика, каржы, бухгалетрский учет жана аудит, банк боюнча иштери; менеджмент

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

—  иш стажга талап коюлбайт

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси

— Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп боюнча мыйзамы”; “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдарын

— Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин токтомунун 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндөгү жобосу” жана “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» кызматы жөнүндөгү жобосу”;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө»; 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомдорун; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” кызматы жөнүндө жобону;

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 137 «Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө» буйругун

— “1С-бухгалтерия” программасынын кайра игтетүү жана программасын киргизүү

3.2. Билгичтиги:

өндүрүштүн менчигинин сакталышын, материалдык, эмгек жана каржы ресурстарынын сарамжалдуу колдонулушуна көзөмөлдөө жана мекеменин чарбалык-каржы ишмердүүлүгүндөгү эсептик каттоону уюштурууну;

— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

— каржы тартибин бекемдөөгө багытталган иш чараларды жандандырууну жана иштеп чыгууну камсыздоо;

— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

сатып алуу планын даярдоо, жүзөгө ашыруу жана жеткирүүчүлөр менен иштөө

— эмгек акынын жүрүм-фондун эсептөө;

3.3.Көндүмдөрү:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу 

III. Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар белгиленет (Талас ш.):

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

—  жогорку билим, табият таануу илимдери багыттары боюнча: гидромелиорация, гидротехникалык курулуш, курулуш жана өзгөчө кырдаалдардан коргоо

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргоону жөнүндө”, “Суу жөнүндө” Мыйзамдарын

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтомунун,

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине карштуу “Сел жана суу ташкынадрынан коргоо” кызматы жөнүндө жобону”

3.2.Билгичтиги:

ПСД сметаны түзүү,чийме чийүү;

— толук оңдоо жумуштары өтө турган курулмалар үчүн долбоор иштеп чыгуу (эсептөө жана чиймелер);

— объекти нивелирдик жана теодолиттик ченем өткөрүү;

— аналитикалык иш — кагаздарды түзүү;

— презентация жасоого жөндөмдүү

3.3. Көндүмдөрү:

— геодезиялык инструменттерде иштөө, тиешелүү  жайларды сүрөткө түшүрүү

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

  • Арыз (бош кызмат орунун так аталышы менен), резюме;
  • Өмүр баян;
  • Өздүк баракча сүрөтү менен;
  • Паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документтинин көчүрмөсү;
  • Эмгек китепчисинин көчүрмөсү, кесиптик билиминин, илимий даражасын же илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

Документтерди сынак жарыяланган күндөн 23-августтан тартып 2-сентябрга чейин (10-календардык күнүнөн кечиктирбестен) кадрлар бөлүмүнө тапшыруу керек.