Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы
УП №24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялайт:

I. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
-баардык тармактагы жогорку билим, анын ичинен, эл аралык кызматташтык, чет тили.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
№120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндө», «Мамлекеттик протоколу жөнүндө», «Эл аралык келишимдери жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Эл аралык чукул жардам жөнүндө» мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн: 2019-жылдын 28-майындагы №232 “Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө”, 2017-жылдын 19-июнундагы №389 “Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2015-жылдын 2-декабрындагы №817 “Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
-долбоорду демилгелөөнү, ишке ашырууну, анын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү билүү;
— мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча долбоорлор менен иштөөнү билүү;
— чет элдик өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташтык боюнча документтерди талдоо жүргүзүүнү билүү;
-эл аралык уюмдардын кызматкерлери менен эффективдүү кызматташууну, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү, тышкы жана ички кызматташууну билүү.
— эл аралык уюмдарга көрсөтүү үчүн долбоорлорду даярдоо талаптарын билүү;
— долбоорлордун ишке ашыруусун координациялоо боюнча тажрыйбанын болушу;
— коммуникабелдүү, демилгечи, стресске туруштук берүүсү;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө чет тилдерин билүү, англис тилине артыкчылык берилет.
3.3. Көндүмдөрү:
— чечимдерди ыкчам түрдө чыгаруу жана ишке ашыруу;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикетинин ыкмаларын билүү;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

II. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: юриспруденция;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
№120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы №313 “Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы №570 тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентин.
3.2. Билгичтиги:
— Кыргыз Республикасынын укуктарынын нормаларын билүү жана аларды тажрыйбада колдонууну;
-Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларга экспертиза жүргүзүүнү билүү;
-сот органдарында отурумдарга катышуу боюнча тажрыйбанын жана жөндөмдүүлүктүн болушу;
-аналитикалык иш-кагаздарды түзүүнү, презентацияларды жасоо жөндөмдүүлүгү.
3.3. Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

III. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: техникалык илимдери, информатика жана эсептөө техникасы; гуманитардык илимдери, социалдык илимдери, экономика жана башкаруу, табият таануу илимдери, физика-математика илимдери, педагогикалык билим берүү, өзгөчө кырдаалдардан коргонуу жаатында; аскердик билим берүү.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
№120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө», 2019-жылдын 6-майындагы №212 “Аймактарды топторго, уюмдарды — Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 6-майындагы №213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 11-ноябрындагы №597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 28-январындагы №16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2019-жылдын 23-октябрындагы №569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, 2019-жылдын 19-февралындагы №58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
— министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдөрү, ведомствого караштуу, аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн отчётторунун негизинде министрликтин жалпы маалыматын жалпылоону;
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгууну;
-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, ишин жүргүзүүнү;
-аналитикалык документтерди даярдоону;
3.3. Көндүмдөрү:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү.

IV. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: юриспруденция;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
№120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы №313 “Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы №570 тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентин.
3.2. Билгичтиги:
— Кыргыз Республикасынын укуктарынын нормаларын билүү жана аларды тажрыйбада колдонууну;
-Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларга экспертиза жүргүзүүнү билүү;
-сот органдарында отурумдарга катышуу боюнча тажрыйбанын жана жөндөмдүүлүктүн болушу;
-аналитикалык иш-кагаздарды түзүүнү, презентацияларды жасоо жөндөмдүүлүгү.
3.3. Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

V. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билим, төмөндөгү багытта: экономика, бухгалтердик эсеп жана аудит, финансы;
— “1С бухгалтерия” программасын жогорку деңгээлде билүү жана сертификатынын болуусу.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
№120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин,
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 7-сентябрындагы №267 “Аскер кызматчыларына, жумуштан кеткен аскердик кызматчыларга, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык кепилдиктери жөнүндө” жарлыгын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-октябрындагы №620 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчыларынын акчалай акысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2014-жылдын 14-январындагы №29 “Аскер кызматкерлеринин айрым категоряларынын, укук коргоо органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Мамлекеттик фельдегер кызматынын кызматчыларынын акчалай маянасы жөнүндө”, 2005-жылдын 28-сентябрындагы №457 “Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жумушчуларынын эмгегине акы төлөө боюнча кошумча чаралар жөнүндө”, 2008-жылдын 23-январындагы №22 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.
-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы №137 “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругун;
3.2. Билгичтиги:
— Microsoft Word, Excel, Power Point, Outlook, Internet “1 С бухгалтерия” 8,2
— жоопкерчиликтүү, демилге көтөрүү, командада иштөө жөндөмдүү болушу.
3.3. Көндүмдөрү:
-Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
— паспорттун көчүрмөсүн;
— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Документтерди 2022-жылдын 30-апрелине чейин Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө тапшыруу керек.

Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, каб.610 (Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө), тел.:323385