Жалал-Абад регоиналдык башкармалыгынын кенже кызмат орундары үчүн:

(Экологиялык мониторинг бөлүмү  адис )

кесиптик билим деңгээли:

Табигый илимдер,  гуманитардык илимдер, юриспруденция, техникалык илимдер  жана башка тармактар боюнча жогорку билим

Кенже  кызмат орундары үчүн:

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

Кесиптик компетенттүүлүгү боюнча төмөнкү мыйзамдарды билүү:

негизги мыйзамдар: КРнын Конституциясы, “Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”, КРнын  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;

тармактык мыйзамдар:  КРнын «Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө», «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө»,  «Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө», «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» мыйзамдары.

 

Талап кылынуучу документтер:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү.

Документтерди кабыл алуу жарыя ММКда чыккан күндөн баштап 10 календарлык күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт:

Дареги: Жалал-Абад шаары, Спутник кичи району, З.Жамашев көчөсү, 2 

Тел.: (03722) 4-05-11, (0553) 201 588

Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 9-00 дөн 18-00 гө чейин кабыл алынат.