Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо тартиби бекитилди

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобо бекитилди. Бул документ Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыккан.

 

Негизги максат

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.

 

Баалоо тартиби

Кызматчылар жылына 2 жолу баалоодон өтөт. Жыйынтыгында төмөнкү баалар коюлат:

  • «мыкты»
  • «жакшы»
  • «канааттандырарлык»
  • «канааттандырарлык эмес»

«Мыкты» баа алган учурда:

  • жогору кызматка көтөрүүгө сунуш берилет;
  • сыйлоо (материалдык же материалдык эмес) сунушталат;
  • ведомстволук сыйлыктарга көрсөтүлөт;
  • квалификацияны чет өлкөдө жогорулатууга жөнөтүү сунушталат;
  • мурдагы тартиптик жаза алып салуу сунушталат.

«Жакшы» баа алган учурда:

  • сыйлоо чараларын колдонуу сунушталат;
  • мурдагы тартиптик жаза алып салуу сунушталат.

«Канааттандырарлык» баа алган учурда:

  • квалификациясын жогорулатууга жөнөтүү сунушталат;
  • айрым учурларда кызмат ордун төмөндөтүү боюнча сунуш берилет.

«Канааттандырарлык эмес» баа алган учурда:

  • класстык ченди (атайын наамды) төмөндөтүү маселеси каралат;
  • кызмат ордунан бошотуу сунушталат;
  • тартиптик жаза колдонуу сунушталат.

Маанилүү:
Жарлык 2026-жылдын 1-июнунда күчүнө кирет.