Эльчибек Джантаев кадрлар резервине талапкерлерди аңгемелешүүдөн өткөрдү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы №226 “Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Агенттиктин буйругунун негизинде төртүнчү топ — республикалык, облустук жана райондук маанидеги шаардын мэринин орун басарынын кызмат ордуна кадрлар резервине кабыл алуу боюнча конкурс жарыяланган. Конкурстун алкагында талапкерлер компьютердик тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүп, аңгемелешүү этабына чакырылышты. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Э.Н. Джантаевдин төрагалыгы алдында кадрлар резерви боюнча атайын комиссиянын отуруму өтүп, анда конкурсанттар аңгемелешүү этабынан өткөрүлдү. Жазуулар боюнча багыттоо КР Президентинин 2305.2026. №163 Жарлыгы Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо тартиби бекитилди