Мамлекеттик кадр кызматында Түркия Республикасынын Президентине караштуу адам ресурстары Башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

        Кечээ, 2021-жылдын 7-сентябрында КР Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Абдулазим Курманов Түркия Республикасынын Президентине караштуу адам ресурстары Башкармалыгынын уюштуруу жана таланттарды тартуу бөлүмүнүн башчысы Несе Гүлмез жана кадрларды даярдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Саваш Жейланды кабыл алды.
        Андан соң, жолугушуу кеңейтилген форматта өткөрүлдү. Ага КР Мамлекеттик кадр кызматынын бөлүм башчылары да катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Медербек Исраилов “КР мамлекеттик кызматынын заманбап тренддери” темасында презентация жасады, ошондой эле ал Мамлекеттик кадр кызматынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын айтып берди. Жолугушуунун алкагында Улуттук кадрлар резерви, E-Kyzmat автоматташтырылган электрондук тутуму жана мамлекеттик кызматчыларды окутуу багытында аткарылып жаткан иштер туурасында да кеп козголду.
         Өз кезегинде түрк тарап Түркиянын Президентине караштуу адам ресурстары Башкармалыгынын ишмердүүлүгү тууралуу, ошол эле мезгилде бул уюмдун негизги функцияларын, милдеттерин, жетишкендиктерин жана кызматчыларды окутуудагы аралыктык форматты ишке киргизүүнүн жолдорун айтып берди.
       Жолугушуунун жыйынтыгы менен Кыргызстан жана Түркиянын мамлекеттик кызмат тутумундагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Кыргыз тарап, КР Мамлекеттик кадр кызматы түрк кесиптештерине эстеликке белектерин тапшырды. Жолугушуу бир туугандык жана өз ара түшүнүүчүлүк нугунда өттү.

         Маалымат иретинде: Түркия Республикасынын Президентине караштуу адам ресурстары Башкармалыгы – Түркия Республикасындагы бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынын ишин жана кызматчыларынын ишин тескей турган кадыр-барктуу мамлекеттик орган болуп саналат.

         КР Мамлекеттик кадр кызматынын пресс-кызматы