Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп Саргазаков Максатбек Таштанбекович дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Буга чейин Саргазаков Максатбек Таштанбекович Свердлов районунун акими болгон. Агенттиктин эмгек жамаатына Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысы Колопов Илияс Сексенбаевич жана аталган бөлүмүдүн эксперти Шамеев Азамат Султанович тааныштырды. Жазуулар боюнча багыттоо Агенттик тарабынан иштелип чыккан эки мыйзам долбоору колдоого алынды Кудайберген Базарбаев Кадрларды даярдоо үчүн стипендияларды берүү жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеште жактады