Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан мониторинг жүргүзүү иштери натыйжа берүүдө КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде мамлекеттик кызмат жаатындагы мыйзамдар жүзөгө ашырылууда. Аталган министрликтин борбордук аппаратында мамлекеттик кызмат жаатындагы мыйзамдардын сакталуусуна кайталап мониторинг жүргүзүлдү жана жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталды: – Министрлик тарабынан Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык иш-чаралар аткарылууда; – мыйзамда белгиленген тартипте кадрлар резервине талапкерлерди киргизүү үчүн ачык конкурстар өткөрүлүүдө; – административдик мамлекеттик кызмат орундарына дайындоо мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлүүдө; – кадрлар резервине конкурс өткөрүү, этика, эмгек стажын эсептөө, сыйлык боюнча комиссиялардын курамы мыйзам ченемдерге шайкеш түзүлүп, бекитилген; – кызматчыларга класстык чендерди ыйгаруу боюнча жумуштар мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлүүдө; – сыноо мөөнөтү мезгилине кызматчылардын иш пландарынын жана отчетунун формасы бекитилген ж.б. – кызматчылардын өздүк көктөмөлөрү, эмгек китепчелери иретке келтирилген. Эске салсак, буга чейин министрликте мониторинг жүргүзүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Жогорудагы көрсөткүчтөр тууралуу Агентиктин мониторинг жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы А. Абдыкулова билдирди. Жазуулар боюнча багыттоо Кудайберген Базарбаев “Аксакалдар соттору жөнүндө” жана “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынын биринчи окуусуна баяндама жасап Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан сунуш кылды. Агенттик менен биргеликте уюштурулган “Мектептеги тамактанууну жайылткан эң мыкты айыл өкмөтү” сынагы