Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги жарандарды мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурстарга катышууга чакырат.
Тандоого катышууну каалаган адамдар кадрлар резервине кирүү үчүн конкурстук тандоону жарыялаган мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына арызын жана документтерин тапшырышат.
Кадрлар резерви кенже, улук жана башкы административдик кызмат орундарына талапкерлерден турат.
Сынак тандоо үч этапта жүргүзүлөт: 1) документтер сынагы.
2) компьютердик тестирлөө. 3) аңгемелешүү.
Эгерде мыйзамдарды билүүсүнө компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө баллдын жалпы санынын 50 пайызынан кем эмес балл алган талапкерлерге кесиптик маанилүү жеке сапаттарын аныктоо үчүн компьютердик тестирлөө этабына катышууга уруксат берилет.
Ал эми, мурда Улуттук кадрлар резервге турган адамдар алардын арыздары боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын конкурстук жол-жоболордон өтпөстөн, резервдин административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобуна киргизилет.
Конкурстук тандоону өткөрүү жөнүндө маалыматты мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволук веб-сайттарында, ошондой эле Агенттиктин https://mkk.gov.kg/ веб-сайтына жайгаштырылат.
Эгерде сурооңуздар пайда болсо, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарыяларында көрсөтүлгөн телефондук номерлерге, ошондой эле Агенттиктин 66-03-37 телефонуна чалып кайрылсаңыздар болот