Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адисине (У-Б) коюлуучу квалификациялык талаптар:

1) кесиптик билимдин денгээли:
– жогорку билим (дене тарбия жана спорт тармагындагы же ошол багыттагы педагогикалык билимге артыкчылык берилет), (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент, персоналды башкаруу, юрист).
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же
тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
Жалпы тестирлөө:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамы;
4.«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамы;

5.Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамы;
6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

7.Кыргыз Республикасынын “”Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы.

Предметтик тестирлөө:

1.Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамы;

2.“Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” Мыйзамы;

3.Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын балдарөспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө” № 776 токтому менен бекитилген типтүү жобосу.

билгичтиги:
Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу, документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо, тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу, кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо, жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо,
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

– көндүмдөрү:
ченемдик укук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу, компьютердик жана уюштуруу техникасын, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер:

-конкурстук комиссиянын төрагасынын атына телефон номерин көрсөтүү менен жеке арызы;
-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен),
-өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
-паспорттун көчүрмөсү (оригиналы конкурска киргенде көргөзүлөт);
-дипломдун көчүрмөсү (түп нускасын алып келүү менен бирге);
-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (түп нускасын алып келүү менен бирге);
-билимин жогорулаткандыгын тастыктаган документтери;

Документтер жарыя чыккан күндөн тартып жумушчу 10 күндүн ичинде саат 18-00гө чейин, Нарын шаарынын Ленин 242-б көчөсүндөгү Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кеңсесинде кабыл алынат.  Тел.: 0709090966.

Коюлган квалификациялык талаптарга жооп бербеген жарандар конкурска катышууга жолдомо ала алышпайт.

Конкурстун өтүү күнү жана орду тууралуу кошумча маалымдалат.