1. Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
4. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7. «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8. «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
11. «Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

2. Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн предметтик мыйзамдар;
1. Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин”;
2. Кыргыз Республикасынын “Суу кодексин”;
3. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
4. Кыргыз Республикасынын “Салык кодекси”;
5. Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү Кодекси”;
6. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси”;
7. Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы;
8. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамы;
9. Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы;
10. Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жөнүндө” Мыйзамы;
11. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы;
12. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

3. Башкы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар
1) Жогорку билим (баардык багыттагы);
2) Иш стажы жана тажрыйбасы;
– Жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.
4. Кесиптик компетенттүүлүгү жана төмөнкүлөрдү билүү:
– Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
5. Билгичтиги:
Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
Аналитикалык документтерди даярдоо;
Тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
Эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
6. Көндүмдөрү:
Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
Ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
Башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;
7. Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, Санарип, СЭД, маалыматтык-укуктук системасы).
8. Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтерди атайын папкага көктөп тапшыруу керек:
– Өзүнүн арызы;
– Резюме (электрондук почтаны корсотуу менен), өздүк таржымал
– Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча
билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин
көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө
документтердин көчүрмөлөрү;
– Паспорттун көчүрмөлөрү;
– Соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат;

Документтерди кабыл алуу Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айыл өкмөтүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө кабыл алынат.

Эскертүү: Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.