Административдик кызмат орундарынын улук топторуна жалпы квалификациялык талаптар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. «Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  4. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Административдик кызмат орундарынын боюнча кенже топторуна жалпы квалификациялык талаптар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. «Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

— компьютер жана мобилдик түзүлүштөр менен, компьютердик жана социалдык тармактарда, оргтехника менен иштей билүү;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдик-укуктук базасынын маалыматтык системаларын колдонууну билүү.

 

 

Квалификациялык талаптар:

Улук топтогу ветеринария тармагы боюнча административдик кызмат орундары үчүн:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— «айыл чарба» багытындагы ветеринария адистиги боюнча жогорку кесиптик билим.

  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенциялар:

Билим:

  1. «Ветеринария жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  2. «Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  4. «Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продуктуларды идентификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы №56 “Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтому;
  6. 2011-жылдын 26-октябрындагы №679 «Эпидемиялык коркунучу жогорку объекттерде ишкердик субъекттерине пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коркунучтарды баалоо критерийлери жөнүндө» жобо.

Ыктуулугу:

— ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;

— милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;

— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— ведомстволор аралык өз ара аракеттерди жүргүзүү.

Көндүмдөр:

— иш кагаздарын жазуу көндүмдөрү;

— белгилүү бир чөйрөдөгү иш-аракеттерди талдоо жана болжолдоо, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;

— баарлашуу жана жолугушууларды өткөрүү ыкмаларына ээ болуу;

— компьютерди жана башка оргтехниканы, ошондой эле керектүү программалык камсыздоолорду колдонуу.

 

 

Квалификациялык талаптар:

Кенже топтогу ветеринария тармагы боюнча административдик кызмат орундары үчүн:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— «айыл чарба» багытындагы ветеринария адистиги боюнча жогорку кесиптик билим.

  1. Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:

— Эмгек стажы талап кылынбайт.

  1. Кесиптик компетенциялар:

Билим:

  1. «Ветеринария жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  2. «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. «Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продуктуларды идентификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы №56 “Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтому.

Ыктуулугу:

— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу.

Көндүмдөр:

— иш кагаздарын жазуу көндүмдөрү;

— белгилүү бир чөйрөдөгү иш-аракеттерди талдоо жана болжолдоо, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;

— баарлашуу жана жолугушууларды өткөрүү ыкмаларына ээ болуу;

— компьютерди жана башка оргтехниканы, ошондой эле керектүү программалык камсыздоолорду колдонуу.

 

 

Кенже топтогу бардык тармактар боюнча административдик кызмат орундары үчүн:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— каалаган профилдеги жогорку кесиптик билим.

  1. Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:

— Эмгек стажы талап кылынбайт.

  1. Кесиптик компетенциялар:

Билим:

  1. «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  2. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

Ыктуулугу:

— милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;

— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— чыр-чатактарды жөнгө салуу;

— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.

Көндүмдөр:

— иш кагаздарын жазуу көндүмдөрү;

— белгилүү бир чөйрөдөгү иш-аракеттерди талдоо жана болжолдоо, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;

— компьютерди жана башка оргтехниканы, ошондой эле керектүү программалык камсыздоолорду колдонуу.

 

 

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  • жеке арыз;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • сүрөтү бар кадрларды эсепке алуунун жеке баракчасы;
  • резюме (электрондук почтасын көрсөтүү менен),
  • өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • соттуулугу тууралуу маалымкат;
  • ден соолугу тууралуу маалымкат;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болгондо);
  • илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо).

 

Документтер жеке жарандар тарабынан, папкаларга салынып жана толук берилиши керек. Толук талапка жооп бербеген документтер кабыл алынбайт.

 

 

Документтер сынак жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде кабыл алынат:

Дареги: 721200, Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Токтогул көчөсү-59, телефон: (03734) 5-03-53. электрондук почта: nookenruvfb@mail.ru

 

Толук маалымат төмөнкү сайттарда жеткиликтүү:

— www/mkk.gov.kg.

— www/gvfi.gov.kg.

 

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Сынактын датасы жана өткөрүү орду кошумча билдирилет.