Ош шаардык Кеңеши административдик кызмат орундарынын

улук тобунун (башкы адис-юрист) кадрлар резервине сынак жарыялайт.

 

Улук топтун башкы адис-юрист административдик муниципалдык кызмат орунуна квалификациялык талаптар:

Башкы адис-юрист (1 штаттык бирдик)

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим  (юриспруденция, укук таануу адистиктери боюнча).

 

2.Иш стажы жана  тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

  1. Кесиптик компеттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

— “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

— “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

— “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” Кодекси;

— Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

— Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;

— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

— “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

— “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

— “Аксакалдар саттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы.

—  Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

Билгичтиги:

— мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

— пайда болгон юридикалык маселелерди изилдөө, талдоо жана мыйзам чегинде корутунду чыгарып, чечүү;

— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

Көндүмдөрү:

— кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;

— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

— ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

— эмгектин жаңы шарттарын тез өздөштүрүү;

— кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;

— командада иштөө.

Кароо-сынакка катышуу үчүн керектелүүчү документтер:

  1. Сынакка катышуу жөнүндөгү жеке арыз (муниципалдык кызмат ордунун тобун көрсөтүү менен).
  2. Резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен),
  3. Кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы.
  4. Паспорттун көчүрмөсү.
  5. Аскердик билетинин көчүрмөсү.
  6. Өмүр баян (өз колу менен жазылган).
  7. Дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн).
  8. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер эмгек стажы бар болсо), нотариалдык же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн.

Документтерди кабыл алуу боюнча кулактандыруу Ош шаардык Кеңешинин расмий сайтына жарыяланган. Толук маалыматты www.oshkenesh.kg сайтынан алса болот.

Документтер кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: Ош шаары, Ленин көчөсү, 221 (№401-кабинет).

Сурап билүү телефону 7-11-96.

Сынакты өткөрүүнүн убагы жана датасы кошумча маалымдалат.