Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.
Квалификациялык талаптар:
1) Улук кызмат орундары (Жалал-Абад обл.) үчүн:
-филология (кыргыз тили, адабияты) илими боюнча жогорку билим. Башка тилдерди (орусча, түркчө, англисче) билгендерге артыкчылыктар берилет.
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 1 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
2) Кенже кызмат (коомчулук менен байланыш адиси) оруну (борбордук аппарат) үчүн:
-филология (кыргыз тили, адабияты) илими боюнча жогорку билим. Башка тилдерди (орусча, түркчө, англисче) билгендерге артыкчылыктар берилет.
-иш стажына талап коюлбайт.
3) Кенже кызмат оруну (борбордук аппарат) үчүн:
-филология (кыргыз тили, адабияты) илими боюнча жогорку билим. Башка тилдерди (орусча, түркчө, англисче) билгендерге артыкчылыктар берилет.
-иш стажына талап коюлбайт.
4. Кенже кызмат орундары (Ош обл.) үчүн:
-филология (кыргыз тили, адабияты) илими боюнча жогорку билим. Башка тилдерди (орусча, түркчө, англисче) билгендерге артыкчылыктар берилет.
-иш стажына талап коюлбайт.
5) Кенже кызмат орундары (Баткен обл.) үчүн:
-филология (кыргыз тили, адабияты) илими боюнча жогорку билим. Башка тилдерди (орусча, түркчө, англисче) билгендерге артыкчылыктар берилет.
-иш стажына талап коюлбайт.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Улук кызмат орундары үчүн:
Билүүгө тийиш:
Негизги тесттен өтүү үчүн:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2.“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
3.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
4.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын.
Предметтик тесттен өтүү үчүн:
1.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
2.“Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3. Кыргыз тилинин жазуу эрежелери.
Кенже кызмат орундары үчүн:
Билүүгө тийиш:
Негизги тесттен өтүү үчүн:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
3)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын.
Предметтик тесттен өтүү үчүн:
1.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
2.“Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3.Кыргыз тилинин жазуу эрежелери.
Билгичтиги:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны
-практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик же/жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
-командада иштөө.
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
-продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер (атайын папкада тиркелген):
-Өздүк арызы;
-Таржымал (резюме) сүрөтү жана электрондук дареги, телефон номерин көрсөтүү менен;
-Кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы (сүрөтү менен);
-Өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
-Негизги жана кошумча билими жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү (нотариус же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн);
-Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн);
-Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
-Сунуштама кат (мүмкүнчүлүк болсо артыкчылык берилет);
-Паспорттун көчүрмөсү.
Документтер 2024-жылдын 19-январынан 29-январына чейин кабыл алынат. Иш убактысы саат 9.00дөн 18.00гө чейин.
Дареги: Бишкек ш., Ч.Айтматов пр. 1, № 418-кабинет.
Байланыш телефондор: 0 550 244 663, 0 700 244 663;
Конкурс www.mamtil.kg , www.mkk.gov.kg сайттарында жарыяланат.