Ош шаарынын мэриясы административдик кызмат орундарынын төмөнкү топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт: Административдик кызмат орундарынын кенже тобу. Кесиптик билиминин деңгээли: – жогорку же болбосо орто кесиптик билим (экономика жана башкаруу, юридикалык, архитектура жана курулуш, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, техникалык, автоматташтыруу жана башкаруу, айыл чарба багыты боюнча); – иш стажына талаптар коюлбайт. Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: -жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы. -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана же расмий тилди билүүсү. Билгичтиги: -жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; -документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; -кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; -жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; -мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; -командада иштөө. Көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Административдик кызмат орундарынын улук тобу. Кесиптик билиминин деңгээли: – жогорку билим (экономика жана башкаруу, юридикалык, архитектура жана курулуш, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, техникалык, автоматташтыруу жана башкаруу, айыл чарба багыты боюнча); – жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: -жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана же расмий тилди билүүсү. Билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына көнүү; Көндүмдөр: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди конкурстук комиссияга тапшырышы зарыл: Конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы (муниципалдык кызмат ордунун тобун көрсөтүү менен); Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен) Кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы; Сүрөт 4х6; Паспортунун көчүрмөсү жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү; Аскердик билетинин көчүрмөсү; Өмүр баян (өз колу менен жазылган, соттолгондугу жана соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен); Соттолбогондугу жөнүндө маалымкат; Эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) жана билими тууралуу документтеринин нотариус аркылуу же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. Сынакка катышуу үчүн жогорудагы документтерди 2024-жылдын 22-апрели саат 17:30 га чейин Ош шаарынын мэриясынын адам ресурстарын башкаруу секторуна тапшыруу зарыл. Эскертүү: биометрикалык паспорт ээлеринен Ош шаардык паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнөн маалымкат талап кылыныт. Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек. тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу-кадрдык иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнөн тактаңыз! Дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү 221, кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: (03222) 5-50-79, 5-54-59. Жазуулар боюнча багыттоо Ош шаардык статистика башкармалыгы КР ӨКМне караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаменти