Сузак райондук мамлекеттик администрациясы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгына ылайык административдик мамлекеттик  улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

 

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

1) Улук кызмат орундары үчүн:

— экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты,  техникалык, энергетика жана электротехника, транспорттук техника жана технология багыты, айыл чарба, геодезия жана жерге жайгаштыруу, токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү багыты боюнча жогорку билим.

— гуманитардык, социалдык илимдер, педагогикалык, саламаттыкты сактоо же юридикалык багыты боюнча жогорку билим.

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

2) Кенже кызмат орундары үчүн:

–жогорку билим/экономика, тейлөө сферасы же техникалык багыты боюнча жогорку кесиптик билим.

  • иш стажысына талап коюлбайт.

КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ:

  • Улук кызмат орундары үчүн:

Жалпы мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Коррупцияга  каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Предметтик багыты боюнча:

Экономика багыты боюнча:

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын «Расмий статистика» мыйзамы.

— «Электр энергиясы жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары.

— Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө».

Социалдык багыты боюнча:

— Кыргыз Республикасынын «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө», «Ичүүчү суу жөнүндө» мыйзамдары.

— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө», «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» мыйзамдары.

Иш кагаздары жүргүзүү жана уюштуруу багыты:

 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси.

 

Кенже кызмат орундары үчүн:

Жалпы мыйзамдар:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

Экономика багыты боюнча:

— Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекси,  «Туризм жөнүндө», «Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Расмий статистика» мыйзамы мыйзамдары

Социалдык багыты боюнча:

— Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Мыйзамы, «Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө»   Мыйзамдары;

— Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө»,  «Маданият жөнүндө» мыйзамдары.

Иш кагаздарды жүргүзүү жана уюштуруу багыты:

— Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамы, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

 

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР (атайын папкада тиркелген):

– өзүнүн арызы;

— өздүк баракча;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

  • сүрөт 3х4 (2 даана);

– паспорттун көчүрмөсү.

Документтер 2023-жылдын 6-сентябрынан 19-сентябрына чейин кабыл алынат (эс алуу, майрам күндөрүнөн башка). Иш убактысы саат 8.30дөн 17.30гө чейин.

Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга чакырылат.

Дареги: Сузак району Сузак айылы Сатвалды-Палван көч.108