Сузак районуна караштуу Курманбек айылдык өкмөтү башкы,улук жана кенже  кызмат орундары боюнча кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт

 

БАШКЫ КЫЗМАТ ОРУНУНА 

ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

 

            Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим бардык профилдеги багыттар боюнча.

            Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык         кызмат  стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем           эмес иш стажы;

 

Төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү зарыл:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
– Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”
Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык
кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары
жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын
жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган
маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120
токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча
типтүү нускама”

КӨНДҮМДӨР:

  • Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • -компютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продукталарга (ворд,экзел) ээ болуу;

 

УЛУК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА

ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

 

            Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим бардык профилдеги багыттар боюнча.

            Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык         кызмат  стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем Эмес иш

стажы;

 

Төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү зарыл:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү  боюнча типтүү нускама”

 

  • КӨНДҮМДӨР:
  • -Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон денгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • -компютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продукталарга (ворд,экзел) ээ болуу;

 

КЕНЖЕ  КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА 

ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

 

            Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку же атайын орто кесиптик билим бардык профилдеги багыттар боюнча.

            Иш стажы жана тажрыйбасы:

— Стажына карата талап коюлбайт;

 

Төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү зарыл:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

КӨНДҮМДӨР:

  • Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • -компютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продукталарга (ворд,экзел) ээ болуу;

 

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР       

                                      ТАПШЫРЫЛАТ:

  • Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз;
  • Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
  • Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин          көчүрмөсү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтерди көчүрмөлөрү (бар болсо);
  • Паспорттун көчүрмөсү.

 

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2023-жылдын  05-сентябрынан   20-сентябрына     чейин жүргүзүлөт.

 

Дареги: Жалал-Абад областы,Сузак району, Курманбек айыл өкмөтүнүн имараты  12-кабинет  байланыш телефону: 0778-66-30-80