Талас районунун Нуржанов айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде кенже кызмат орундарынын топторуна ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Талас районунун Нуржанов айыл өкмөтүнүн ички кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:
– бош административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобун (иш кагаздарын алып баруу боюнча ) ээлөөгө.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;;
2) 18 жаштан жаш болбоого;
3) Соттулугу жок;
4) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

1). Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (иш кагаздарын алып баруу боюнча) үчүн:
–жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
— иш стажына талаптар коюлбайт;
– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын.
– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын «Тынч чогулуштар жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы
— билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө:

-көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
2). Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (аскердик эсепке алуу столунун инспектору) үчүн:
–жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
— иш стажына талаптар коюлбайт;
– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын.
– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын «Тынч чогулуштар жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын «Жалпыга бирдей анык жана альтернативдик аскердик милдетти өтөө жөнүндө» мыйзамын;

— билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө:

-көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 15 календарлык күндүн ичинде саат 9-30 дан 17:30 га чейин тапшыруу керек.
Дареги: Талас району, Жон-Арык айылы, Ж.Тулебердиев көчөсү №15, Нуржанов айыл өкмөтүнүн имараты, Тел. /03422/ 6-00-12. Моб. 0500392626