Талас шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын негизинде административдик муниципалдык кызмат орундун кенже тобундагы кызмат орунуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

 

Талас шаарынын мэриясынын  кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

– административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобун ээлөөгө.

 

Административдик муниципалдык  кызмат орундарына коюлуучу жалпы талаптар:

Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

  • Кыргыз Республикасынын жараны;
  • Мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынбаган же жокко чыгарылбаган соттуулугу жок;
  • 18 жаштан жаш болбоого;
  • Ушул кызмат орду үчүн мыйзамдарда жана кызматка кабыл алууну жүзөгө ашырып жаткан Талас шаарынын мэриясы тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

 

Административдик муниципалдык кенже кызмат орунуна негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын.

 

Административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобу

(Социалдык маселелер боюнча адис)

 

Административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

Экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, социалдык жана гуманитардык илимдер, маданият жана искусство, саламаттыкты сактоо багыты  боюнча  жогорку кесиптик же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим.

 

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

-иш стажы жана тажрыйбасы боюнча талаптар  коюлбайт.

 

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамы;

—    Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамы;

  • Кыргыз Республикасынын “Ички жер которуу жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” Мыйзамдары;
  • Кыргыз Республикасынын “Туризм жөнүндө” Мыйзамы.

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

 

билгичтиги:

  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
  • кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • командада иштөө;

 

 көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер көктөмөгө

тиркелип тапшырылат:

 

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);

— өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

 

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  саат 9:30дан 17:30га чейин кабыл алынат. Талас шаарынын мэриясынын расмий сайтына чыккан күндөн баштап 14 календарлык күндүн  ичинде 2023-жылдын 31-октябрынан тартып 2023-жылдын 14-ноябрына чейин тапшыруу керек.

 

Дареги: Талас шаары К.Нуржанов аллеясы №18

Байланыш  телефондору: (03422) 5-38-45; 5-23-71