Улуттук кадрлар резервинин катарын 286 резервист толуктаса, Регионалдык кадрлар резервин 321 резервист толуктайт

         Бүгүнкү күндө Улуттук кадрлар резервинде 286 резервист бар. Алардын 122 резервисти жогорку административдик кызматка, 292 резервисти башкы административдик кызматка. Ал эми Регионалдык кадрлар резервинин катарын бүгүн 321 резервист толуктайт.
         Белгилей кетчү жагдай, Улуттук кадрлар резервинин катарынан дайындоолор конкурстук тандоого ылайык жүргүзүлүүдө. Регионалдык кадрлар резервинен 30га чукул резервист тиешелүү кызмат орундарына дайындалышкан. Алардын 15тен ашыгы  жергиликтүү райондук мамлекеттик администрация башчысы кызмат оруна, 10дөн көбү жергиликтүү райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары кызмат оруна.
         Ошондой эле, бүгүн Мамлекеттик кадр кызматында Улуттук кадрлар резервине киргизүү боюнча конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жана талапкерлердин ортосунда аңгемелешүү болуп өттү. Отуздан ашык талапкер конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти.  Конкурстук комиссиянын курамында КР Президентинин Администрациясынын, Мамлекеттик кадр кызматынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү бар. Конкурстук комиссияны Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев жетектейт. Улуттук кадрлар резервине киргизүү боюнча конкурс туруктуу негизде жүргүзүлөт.

 

Маалымат иретинде: Улуттук резерв — мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервдегилердин) тобу.
         Мыйзамга ылайык, жогорку жана башкы кызмат орундарына кадрларды алууда, дайындоо Улуттук жана ички кадрлар резервдеринин катарынан жүргүзүлөт.

 

КР Мамлекеттик кадр кызматынын басма-сөз кызматы