1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы  жогорку билим (экономика жана башкаруу: мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, экономика; бухгалтердик эсеп жана аудит, гуманитардык илимдер: политология, юриспруденция; педагогикалык билим берүү: педагогика  )

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”мыйзамы, Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарын; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы.

 

— Сатып алуулар боюнча каржы министрлиги тарабынан берилген сертификаттын болушу абзел;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

— билгичтиги:

— кезектеги финансылык жылга же пландоонун башка мезгилине карата мамлекеттик сатып алуулардын натуралай жана акчалай көрсөтүлгөн планын иштеп чыгуу.

— сатып алынуучу товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата баалардын мониторингин жүргүзүүнү ишке ашыруу

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү.

 

Жарыя чыккан кундон баштап 10 (он) календардык кундун ичинде документ кабыл алынат. Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:

Чолпон-Ата ш. Совет көчүрмөсү 75.

Кошумча маалыматты Чолпон-Ата шаардык  мэриясынан алса болот (жалпы бөлүм),  тел.0394342216

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.

Атк.:Муканова Ж.Ж, 0509770418