Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору  Э.Н. Джантаев менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин элчиси А.А. Роговдун жолугуушусу болуп өттү.

Жолугуушуда 2022-2023-жылдарга Агенттик ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды киргизүүгө жана өркүндөтүүгө өзгөчө маани берүү” боюнча эки тараптуу меморандумга кол коюлду.

Ошондой эле, аталган уюмдун Бишкектеги Программалык кеңсесинин элчиси Алексей  Роговго жана аймактарды өнүктүрүү боюнча  кеңешчиси Стайн Свааненге Агенттиктин директору Э.Н. Джантаев ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан Агенттикке “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык тутумун өркүндөтүү үчүн 9 компьютердик жабдуу тапшырылды.