Талас районунун Калба айыл өкмөтү кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт:

Талас районунун Калба айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:
– административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук жана кенже тобун ээлөөгө.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) 18 жаштан жаш болбоого;
3) Соттулугу жок;
3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

Киреше боюнча улук кызмат (С-Б)
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— Экономика жана башкаруу, финансылык жана юридикалык багыттагы жогорку билим;
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын Салык кодексин;
• Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө » мыйзамын;

Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
Экономика жана статистика боюнча кенже кызмат (М-А)
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— Экономика жана башкаруу, физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар багыттагы жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
2.Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт;
Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика жөнүндө” мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;
• кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Социалдык маселелер боюнча кенже кызмат (М-Б)
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— Жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
2.Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт;
Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” мыйзамын;
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Киреше боюнча кенже кызмат (М-А)
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— Экономика жана башкаруу, финансылык жана юридикалык багыттагы жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт;
Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө » мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” мыйзамын;
• кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору. Кенже кызмат (М-Б) -2 штаттык бирдик
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
2.Стажы жана иш тажрыйбасы:
-иш стажына талаптар коюлбайт.
Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын “Жалпыга бирдей анык жана альтернативдик аскердик милдетти өтөө жөнүндө” мыйзамын;
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя чыккан күндөн баштап 15 календарлык күндүн ичинде саат 9-30 дан 17:30 га чейин төмөндөгү дарекке тапшыруу керек: Талас району, Калба айылы, С.Дөөлөтаалы көчөсү №17; Калба айыл өкмөтүнүн кеңсеси;
Сурап-билүү тел: 0707 22 64 68,0779 80 53 52