Конкурстук комиссиянын отуруму болуп өттү Бүгүн, 2021-жылдын 31-декабрында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинде республикалык, облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык кадрлар резервине талапкерлерди тандоо боюнча конкурстук комиссиянын отуруму болуп өттү.Отурумда муниципалдык кадрлар резервине талапкерелерди тандоо боюнча конкурска документтерди кабыл алуунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар айтылып, конкурсту өткөрүүнүн мындан аркы алгоритми менен таанышышты. Мындан сырткары, комиссиянын иш Регламенти талкууланды жана бекитилди. Жазуулар боюнча багыттоо Мыйзамдардын өзгөрүшүнө байланыштуу кызматчыларды окутуу боюнча тегерек стол болуп өттү Айыл-аймактардагы таза суу маселесин жакшыртуу иштери талкууланды