КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору -Джантаев Эльчибек Нуржадыевич 23- февраль кыргыз жоокерлерин майрамын утурлай Жети- Өгүз айылына бейрасмий иш сапары менен барды. Улуу ата-мекендик согуштун 75 жылдыгына карата өкмөттүн токтому менен ар бир мамлекеттик мекемеге төрт- бештен согуштун ардагери бекитилип берилген. Андыктан Агенттиктин директору -Джантаев Эльчибек Нуржадыевич улуу Ата мекендик согуштун ардагери -Токтоназаров Амантур аксакалга жолугуп, келе жаткан кыргыз жоокерлеринин күнү менен кутуттады. Ошондой эле жайын сурап тим болбостон, азын- оолак болсо да белегин берип кайтты. Агенттиктин директору – Эльчибек мырза аксакал менен сүйлөшүп отуруп, сөз арасында, ата – энелерибиздин тынчтык орнотуудагы эбегейсиз эмгегин даталуу күндөрү эле эмес, күн сайын эс тутумдан чыгарбашыбыз керек деп баса белгилей кетти. Жазуулар боюнча багыттоо Республикалык, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын, ошондой эле айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө конкурс жарыялайт. #Күнтартибинде