1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим — Финансылык экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика багыттары боюнча.
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
- “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;
- “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары.
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;
— Билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
— Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүчн талап кылынуучу документтер:
1.Өздүк арыз
2.Өздүк баракча – 1 даана
3.3Х4 өлчөмүндөгү сүрөт -4 даана
4.Эмгек китепчесинен көчүрмөсү (нотариалдык жактан жактан тастыкталган)
5.Паспорттун көчүрмөсү
6.Резюме
7.Дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан жактан тастыкталган)
8.Өмүр баян (соттолгондугун же соттолбогондугун көрсөтүү менен)
Талапкер тиешелүү документтерди Ой-Тал айыл өкмөтүнө жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алат.
Дареги: Кара-Кулжа району Ой-Тал айыл өкмөтү, Ой-Тал айылы.
Байланыш телефону: 0559-232-522,0776-507-468