КР ӨКМине караштуу калдык сактоочу жайлар менен иштөө департаментти. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку, техникалык илимдер, өзгөчө кырдаалдарда коргоо. Иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талап коюлбайт. Кесиптик компетенттүүлүгү: 3.1 Төмөнкүлөрдү билүү: Негизги мыйзамдар: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3 – мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдар: – “Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”; – “Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар жөнүндө”; -“Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө”; – “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын”. -кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. 3.2 Билгичтиги: – алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; -кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү; – өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; – ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; – чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу. 3.3 Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү; – натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу; – тапшырмаларды аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу; – жумушту жана иш убактыны мерчемдөө. Кызматтык милдеттери – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо; – жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуу; – кызматтык этика ченемдерин сактоо; – мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында ички эмгек тартибинин, кызматтык нускамалардын эрежелерин, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү квалификациянын деңгээлин сактоо; – ченемдик укуктук жана башка актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу; – жетекчилер тарабынан берилген буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү, ошондой эле бөлүмгө берилген иш кагаздарды өз учурунда жана сапаттуу аткаруу; Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл: – арыз бош кызмат орундун так аталышы менен, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөт 3х4 4 даана; – паспорттун көчүрмөсү; – эмгек китепчесинин, кесиптик билимин, илимий даражасын же илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү. Сынакка катышуу үчүн документтерди төмөнкү адрес боюнча берүү керек: Ош шаары, Моминова көч.11, каб.204. Документтерди сынак жарыяланган күндөн тартып 10-июнуна чейин кечиктирбестен кадр жана иш кагаздары боюнча башкы адисине тапшыруу зарыл. Байланыш телефондор: (0551) 11 22 00. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айыл айыл өкмөтү башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундарына конкурс жарыялайт.