Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу
Финансы-кредиттик фонд Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, борбордук аппаратынын жана аймактык органдарынын башкы, улук жана кенже топторунун административдик мамлекеттик кызмат орундарынын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык тандоо сынагын жарыялайт

Административдик мамлекеттик жарандык кызматтын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар:
Административдик кызматтык башкы топтору үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
5. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
6. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7. Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» Мыйзамы;
8. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Административдик кызматтын улук топтору үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
4. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Административдик кызматтык кенже топтору үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Административдик кызматтын бардык топтору үчүн:
•өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү.
• компьютердик сабаттуулук жана зарыл болгон Microsoft Office программалык продуктыларды (Word, Excel, PowerPoint) жана «ТОКТОМ Мамлекеттик Про» маалыматтык -укуктук системасынын продуктылары менен иштөөнү билүүгө тийиш.

Административдик кызматтын башкы топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Стажы жана иш тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес эмгек стажы болууга тийиш;

Административдик кызматтын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Стажы жана иш тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес эмгек стажы болууга тийиш;

Административдик кызматтын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Стажы жана иш тажрыйбасы:
– иш тажрыйбасына талап коюлбайт.

Кесиптик билим деӊгээли:
1. Укуктук блок:
– юридикалык жогорку билим.
2. Экономикалык блок:
— финансы, экономика же юриспруденция жаатындагы жогорку билим.
3. Аймактык органдар:
— финансы, экономика же юриспруденция жаатындагы жогорку билим.
3. Аймактык органдар:
Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларын билүү:
1. Укуктук блок:
— «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Жарандык кодекс, Жарандык процессуалдык кодекс, Кылмыш-жаза кодекси, Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси;
— Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө», «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Сот аткаруучулардын аткаруу өндүрүшү жана статусу жөнүндө», «Күрөө жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү, укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө», «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Мыйзамдары.
— Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин регламенти, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин регламенти;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздары боюнча типтүү нускама;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-январындагы №253 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтому менен бекитилген Финансы министрлигине караштуу Финансы – кредиттик фонд жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы №635 токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобо.
Экономикалык блок:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси,
Кыргыз Республикасынын «Күрөө жөнүндө», «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө», «Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө», «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү, укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Баалоо иши жөнүндө», «Наториат жөнүндө», «Чарбалык шериктештиктер жана коомчулуктар жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы жөнүндө» Мыйзамдары.
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-январындагы №253 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтому менен бекитилген Финансы министрлигине караштуу Финансы — кредиттик фонду жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы №635 токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобо.
3. Аймактык органдар:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
— Кыргыз Республикасынын «Күрөө жөнүндө», «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө», «Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Сот аткаруучулардын аткаруу өндүрүшү жана статусу жөнүндө» Мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-январындагы №253 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтому менен бекитилген Финансы министрлигине караштуу Финансы — кредиттик фонду жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы №635 токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобо.

Билими:
— ишмердиктин алгылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— жетекчиликтин чечимдерин ыкчам кароо жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчиликти алуу;
— өз ишмердиги боюнча отчётторду, маалыматтарды, суроолорго жоопторду сапаттуу даярдоо.
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү маселелерди өз убагында аныктоо жана чечүү;
— коюлган маселелерди чечүү үчүн жаӊычылдык мамилелерди пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
— өз ишин натыйжалуу пландоо;
— ведомстволор аралык аракеттенүү;
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— маалыматтарды жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— документтерди, маалыматтарды жана суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду даярдоо жана кароо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилде иштиктүү кат алышуу;
— топто натыйжалуу иш алып баруу;
— эл алдында сүйлөө.
Көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— тапшырмаларды рационалдуу аткаруу, чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаӊы түрлөрүн жана ыкмаларын иштеп чыгуу;
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— талаштуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

Тандоого катышуу үчүн төмөндөгү ырааттама боюнча көктөмөгө (Дело №) тиркелген документтер тапшырылууга тийиш:
1) мамлекеттик кызматтын тиешелүү тобун көрсөтүү менен жеке арызы;
2) резюме (электрондук дареги, телефону көрсөтүлүүгө тийиш);
3) кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
4) өмүр баяны (соттуулугу жок экендиги тууралуу маалымат көрсөтүлүүгө тийиш);
5) негизги жана кошумча (эгерде, бар болсо) билимин тастыктоочу документтеринин нотариалдык же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
6) эмгек китепчесинин (эгерде, иш стажы бар болсо) нотариалдык же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
7) окумуштуулук даражасы же окумуштуулук наамы тууралуу документтеринин көчүрмөсү (эгерде, бар болсо);
8) паспортунун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт);
9) фото 3х4 (кызыл фондо).

Ачык сынакка мындан ары катышуу үчүн документтери көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана даректери так көрсөтүлүүгө тийиш. Документтер 2022-жылдын 4-июлунан тартып 16-июлуна чейин, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58-А, 106 – иш бөлмө (Борбордук казыналыктын имараты) дареги боюнча кабыл алынат, тел.62-11-47, 66-40-33.