Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын кенже административдик кызмат орунга кирүү үчүн кадрлар резервине конкурс жарыялайт. Кенже административдик кызмат ордуна (юрист-адис) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: Жогорку билим – Юриспруденция, Укук таану адистиктери боюнча 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талаптар коюлбайт; 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси; Жарандык кодекс; Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы – Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди; – Билгичтиги: Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; Документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; мамлекеттик жана/же расмий тилдерди иштиктүү кат алышуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – Көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Тийиштүү документтер: – өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), -өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү. Документтер жарыя чыккан күндөн баштап 10 календарлык күндүн ичинде Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясында кабыл алынат. Адреси: Өзгөн шаары, Ленин көчөсү 132, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын имараты, 3-кабат. Телефондор: (03233) 5-05-59, 0555 35-36-96 Жазуулар боюнча багыттоо Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти «Сельводзащита» при МЧС КР